Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Осмонакун Ибраимовдун референдумга даярдаган документтери жарыяланды


БИШКЕК. Жогорку Кеңешке көз карандысыз талапкерлерди өткөрбөө үчүн Аскар Акаев, Болот Жанузаков жана Осмонакун Ибраимов административдик, финансылык жардамды жана каралаган пиар-технологияларды пайдалангандыгын далилдеген документтер табылды. Анда кайсы талапкерди колдоо, кимисине тоскоолдук жасоо жана ал үчүн канча акча жумшалгандыгына чейин жазылган. Бийликке ыктаган талапкерлер өз атаандашын кандай жол менен кулатуу боюнча жазуу түрүндө сунуштарды президенттик администрацияга жеткирип турушкан. Ал эми Аскар Акаевдин качып кеткенден кийин табылган жеке күндөлүгүндө тегерегиндеги адамдарга акча берип, акча алгандыгы өз колу менен белгиленген. Мурунку Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун кабинетинде болсо Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн 2010-жылдын аягына чейин узартып, ага «Эл баатыры» наамын ыйгаруу боюнча референдум өткөрүүнү караштырган 3 кызыл папка табылган. Бекназаров бул жана башка иштер боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG