Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН АРАКЕТИ


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурунку бийликтин учурунда жасалган бардык мыйзамсыз иштерди иликтөөгө киришти. Бул тууралуу Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңеш депутаттарына 22-апрелде жарыя кылды. Анын билдирүүсү боюнча, иликтөөнүн жыйынтыгы алдыдагы 100 күндүн ичинде ачык болот. Ага элдин пикири кандай?

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бенкназаровдун билдирүүсү боюнча, иликтөө 6 багытта жүргүзүлүп жатат. Анда 24-марттагы талап-тоноолордон тартып, коррупция, жерди басып алуу, экс-президент Аскар Акаев, президенттик администрация башчысынын мурунку биринчи орунбасары Болот Жанузаков, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун иш бөлмөлөрүнөн табылган документтерде жазылган фактылар жана парламенттик шайлоого бийликтин кийлигишүүсү боюнча материалдардын бардыгы иликтенип жатат. Байкоочулардын баамында, алар иликтенип бүтсө мурунку бийликтин мыйзам бузууларынын тарыхка кала тургандай чуулуу маалыматтары ачыкка чыкчудай. Анткени, анда мамлекеттик мүлктү менчиктөө, кредитти олжолоп алуудан баштап, мурда эбак жабылган ондогон кылмыш иштери кайра козголуп, ага тийиштиги бар адамдар менен мекемелердин жоопкерчилиги аныкталган жатат.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучунун мындай билдирүүсү коомчулуктун бүйүрүн дароо кызытып, колдоосун жаратты. Ошону менен бирге эле мурунку айрым аткаминерлердин тынчын да ала баштады.

Аны менен бирге эле коомдо иликтөөнүн ачык жана калыс болоруна күмөн саноолор да пайда болду. Айрым байкоочулардын баамында, мындай күмөн ойдун жаралышына мурунку бийликтин коррупцияга каршы күрөшөбүз деп эларалык деңгээлде жар салып коюп эч кандай натыйжа чыгарбагандыгы башкы себеп.

Ал эми кээ бир саясатчылар иликтөө саясаттан алыс жүргүзүлүп, башкаларга сабак болгондой натыйжа бериши абзел деген ойдо турушат. Алардын бири, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдыжапар Тагаев:

-Бул абдан олуттуу маселе. Ошон үчүн шашылуунун эч кереги жок. Башкы прокурордун милдетин аткаруучунун 100 күн дегени илгерки коммунисттик заманда берилген отчеттордой окуя болбошу керек. Ошон үчүн ар бир окуя аягына чейин дыкат иликтенип, ар бир атуул саясатташкан окуя эмес экендигине ишениши керек. Ошондуктан иликтөөнү өтө саясатташтырбай мыйзамсыз иштерден экономикалык канчалык зыян келгендигин изилдөө зарыл. Ошондо акыйкаттыкка ишеним жаралат, экинчиден мындан кийинки бийликке келе турган адамдардын жүрөгүндө сакталып, мыйзамсыз иштерге баруусуна тыюу сала турган сабак болот .-

Башкы прокуратура иликтеп жаткан иштердин катарында экс-президент Аскар Акаевдин иш бөлмөсүнөн табылган материалдар да бар. Азимбек Бекназаровдун билдирүүсү боюнча, алардын арасында Аскар Акаевдин өз колу менен 102 мамлекеттик кызматкердин аты жана алардын маңдайына 100,200,300 миң деген сандар жазылган тизме да иликтенүүдө. Алардын ичинен Азимбек Бекназаров ачыкка чыгарган 44 адамдын тизмеси мурунку өкмөт башчы Николай Танаев менен башталып, министр, губернатор, ишкерлер менен аяктайт. Алардын бири, Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министринин милдетин аткаруучу Темирбек Акматалиевдин атынын маңдайына 200 миң деп жазылган. Ал «Азаттык» радиосуна Акаевге акча бербегендигин билдирди:

- Мен эч кимге эч кандай акча берген эмесмин. Тергөө жүрүп жаткандан кийин ал эмне акча экендигин иликтеп чыгат болуш керек. Тиешелүү органдар бул иш боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзсө инсан жана мамлекеттик кызматкер катары жооп берем. Бирок, мен андай акчаны эч кимге берген эмесмин. Чынымды айтсам, мен андай акчаны колума кармап да көрө элекмин.

Темирбек Акматалиевдин пикиринде, мамлекеттик мүлктү менчиктеп алуу жараянын тескеп коюу зарыл, бирок, ал мыйзам чегинде ачык жүрүп, ага тиешеси бар адамдардын жеке жоопкерчилигин биринчи даражага чыгаруу керек.

Ал эми «Ар намыс» партиясынын төрагасынын орунбасары Эмил Алиев мыйзамсыз иштерди иликтөө тегиз, тактап айтканда, азыркы бийлик же мурунку бийликтин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экен деп тандалбай тергелсе элдик бийликтин аброюн көтөрөт деген ойдо:

- Азыркы бийлик эгер мыйзам чегинде аракет кылабыз десе, анда коррупцияга тиешелүү документтердин баарын кайра көтөрүп текшерүү керек. Кимге тиешелүү болбосун, Феликс Куловго, Курманбек Бакиевге, керек болсо Азимбек Бекназаровдун өзүнө тиешелүү иш болсо да алардын баарын ачык текшерүү зарыл.

Эмил Алиев коррупцияга аралашты деген кине менен соттолгон Феликс Куловго байланышкан айрым иштер иликтенсе Кулов ага жооп берүүгө даяр экендигин жана ал корко турган кылмыштуу иш жок экендигин да баса белгиледи.

Ал эми карапайым калктын айрым өкүлдөрү болсо иликтөөнүн натыйжасына ээ болуу үчүн тартип коргоо органдарынын тазалыгы жол берерине күмөн. Ал тууралуу эркин журналист Юруслан Акматов:

-Мурдагы бийликтеги атка минерлердин баары азыр кайра атка минип жатат. Бул чындык. Ошон үчүн алардын ичин тазалап, башын бириктирип иштетүү керек.

XS
SM
MD
LG