Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Эки мамлекеттин кызматташуусу талкууланды


ЖАЛАЛАБАТ. Өзбекстандын эл аралык экологиялык “Экасан” аттуу уюму жана Кыргызстандын чукул кырдаалдар министрлиги менен жергиликтүү бийликтин, тармактык адистердин катышуусундагы жыйында Майлуусуу шаарындагы жер көчкүлөр менен уран калдыктарынын бүтүндөй Фергана өрөөнүндө тийгизер таасири белгиленди. Уран калдыктарын зыянсыздандыруу ишине багытталган Бүткүл дүйнөлүк банктын тиешелүү долбоорун эртелетүү ою козголуп, Майлуусуу шаарындагы 700 миң чарчы метр жер көчкүнү алууга эртелик кылаары жана жер көчкү коркунучу дагы эле шаарда сакталып тургандыгы айтылды. Экологиялык “Экасан” уюму шаардын жер көчкүдөн жапа чеккен жана социалдык коргоого муктаж жарандар үчүн Өзбекстандан чыгарылган 790 миң сомдук кийим-кече, төшөнчү-жууркан жана кир жуучу каражаттарын шаарга тапшырып кайтты.

XS
SM
MD
LG