Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:34

ЕККУ: Кыргызстанда президенттик шайлоо эркин, акыйкат өтүшү керек


БИШКЕК. Кыргызстанда ушул жылдын 10-июлуна белгиленген президенттик шайлоо ачык, акыйкат жана эркин өтүшү керек. Шайлоо өнөктүгү учурундагы мыйзам бузуулар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана ички стабилдүүлүгүнө доо келтириши ыктымал. Мындай пикирин Европадагы коопсуздук жана кызматаштык уюмунун төрагасы Димитрий Рупель 22-апрелде АКШнын «The Wall Street journal» басылмасына берген маегинде билдирген. ЕККУнун төрагасы белгилегендей, Кыргызстанда коррупция жана уюшулган кылмыштуулук жоюлмайынча эркин шайлоо болушу күмөн. Ошондуктан, ЕККУ тарабынан Кыргызстанга бул багытта жардам көрсөтүлүшү мүмкүн. Ал эми президенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда башкы көңүл мыйзамдуулуктун сакталышына жана күч структураларындагы реформаларга көңүл бурулушу керек.

XS
SM
MD
LG