Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: «ЭГЕРДЕ БИЗ ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУГА ӨТӨБҮЗ ДЕСЕК, ДАГЫ БИР ЖОЛУ ЧОҢ ЖАҢЫЛАБЫЗ»


Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен «Азаттыктын» кабарчысы президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүү, ушу тапта арбын айтыла баштаган конституциялык реформа тууралуу сөз кылышкан. Ошого назарыңыздарды бурмакчыбыз.

- Өмүрбек мырза, жакында Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Шайлоону адилеттүү, эларалык талаптарга ылайык өткөрүү үчүн кандай аракеттерди көрүү зарыл?

-Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чоң чыр менен бүттү. Мына ушундай эле көрүнүш Грузияда, Украинада орун алып, бийликтин алмашуусуна алып келди. Алдыда боло турган президенттик шайлоодо олуттуу коркунуч бар. Анкени утулган тарап «шайлоо мыйзам бузуу менен өттү» деп уткан тарапты мойнуна албай, парлaменттик шайлоодогудай чыр уланышы мүмкүн. Мына ушундай коркунучту жоготуу үчүн парламент тиешелүү чараларды көрүп жатат. Биринчиден, парламент элге жакпаса да президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алып, Конституцияга ылайык жаңы президенттик шайлоонун күнүн белгиледи. Биз муну менен «бул мыйзамсыз өткөрүлгөн шайлоо» деген кине коюу мүмкүндүгүн жокко чыгардык. Экинчиден, кыргыздар төңкөрүштөн кийин өзгөргөн жок. Баш ал десе бөрк алабыз. Анткени убагында Аскар Акаевдин колуна эбегейсиз, чексиз бийлик топтолгон. Ал жасаган иши үчүн эч бир бийлик органына жооп берген эмес. Анын натыйжасында биз ушундай абалга келдик. Биз мындай көрүнүштү жок кылышыбыз керек. Ал үчүн бийликти тез аранын ичинде тикесинен жана туурасынан толук реформа кылышыбыз керек.

- Өмүрбек мырза, сөзүңүзгө аралжы. Президенттик шайлоого чейин саналуу эле күндөр калды. Ага чейин сиз айткандардын барын жасап үлгүрөсүздөрбү?

- Президенттик шайлоого чейин Башмыйзамга өзгөртүү киргизе албайбыз. Ага мыйзам да жол бербейт. Ошондой болсо да, коомдук уюмдар, депутаттар, саясатчылар биригип президенттик шайлоодон кийин боло турган конституциялык реформанын долбоорун иштеп чыгып, президент болом деген талапкерлерге сунушташыбыз керек. Алардан шайлоого чейин убадаларын алышыбыз керек. Андан соң, октябрь айынан баштап, конституциялык реформаны ишке ашырышыбыз керек.

- Президенттикке талапкер демекчи, сиз өзүңүз президеттик шайлоого талапкер катары катышасызбы же кайсыл саясий күчтөр менен шайлоого барасызбы?

- Мен президенттик шайлоодо четте калбайм. Демек, мен катышам. Бирок кандай түрдө катышам аны мен жакынкы беш-алты күндүн ичинде ачык айтам.

- Өмүрбек мырза, сиздер буга чейинки президенттик шайлодо Текебаев - Кулов деген бирикме менен шайлоого катыштыңыздар эле. Жакында Феликс Кулов учурда Текебаев-Кулов деген бирикме жок деп жарыялады. Чынында эле ошондойбу?

- Текебаев президент, Кулов өкмөт башчы деген саясий бирикме 2000-жылкы президенттик шайлоодо пайдаланылган. Андан бери беш жыл өттү. Ошондуктан учурда мындай бирикме жок. Бирок соңку мезгилдери үч партиядан турган Элдик конгрестин алкагында биз кызматташып келебиз. Биздин көз караштарыбыз окшош. Тагыраак айтканда, парламент, өкмөт, президенттин ыйгарым укуктары тууралуу биздин ойлорубуз бирдей. Ошондуктан биз келечекте да кызматташууну улантабыз.

- Өмүрбек мырза ушуга байланыштуу дагы бир суроо. Феликс Кулов жетектеген «Арнамыс» партиясы келечекте болуучу конституциялык реформада Кыргызстанды парламенттик башкаруу ыкмасына өткөрүүнү сунуштоодо. Сиздин оюңузча, Кыргызстанга кандай башкаруу ыкмасы керек?

- Парламенттик башкаруу ыкмасына өтүүгө азырынча эрте. Феликс мырзадан айрырмаланып мен он беш жылдан бери парламентте иштедим. Эгерде биз парламенттик башкарууга өтөбүз десек, дагы бир жолу чоң жаңылабыз. Парламент Ош базарындай болуп калат. Ошондуктан биз бири-бирин көзөмөлдөп турган, күчтүү парламенттик өлкөгө өтүшүбүз керек. Бул жерде тиешелүү ыйгарым укугу бар, эл тарабынан шайланган күчтүү президент керек. Ошондой эле күчтүү парламент, күчтүү өкмөт керек.

- Ушул аптада Бермет Акаева «Азаттыкка» берген маегинде мен жакында парламентке келип өз ишимди баштайм, менин иним Айдар да келет деди. Алардын парламентке келишине сиздин пикириңиз кандай?

- Саясий жактан алганда алардын бүгүн Кыргызстанга келиши ыңгайсыз. Ал эми юридикалык жактан алганда, алардын туура эмес мандат алгандыгын Кыргызстандын аткаруу бийлиги: сот жана шайлоо комиссиялары далилдеши керек. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш ушул аптада үч күндүн ичинде бул маселе каралсын деп, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырма берди. Калган ишти алар алып барыш керек.

XS
SM
MD
LG