КАБУЛ.Талиб согушкерлеринин кол салууларына бөгөт койуу максаты менен ооган бийликтери Забун чөлкөмүндө мотоциклдерди жана мотоциклдин күйүүчү майын сатууга тыйуу салды. Талибан согушкерлери бул чөлкөмгө көп учурда мотоциклдер менен кол салышат.
Анын аралыгында, бүгүн Хост провинциясында талиб согушкерлеринин жетекчилеринин бири Хабибур Рахман өлкө бийликтерине өз ыктыяры менен багынып берди. Анын айтымында, талибилерге берилген мунапыстан көптөгөн согушкерлер пайдаланууга ниеттүү. Мындан эки күн мурда дагы эки талиб жетекчи колго түшүп берген.