Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Жакартада Түндүк жана Түштүк Корей өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусу болду


ЖАКАРТА.Түндүк жана Түштүк Кореянын жетекчилери Африка жана Азия өлкөлөрүнүн Жакартада өтүп жаткан саммитинде жолугушту.Бул алардын акыркы беш жылдын ичинде болгон жогорку дэңгэллдеги алгачкы жолугушуусу болду. Сүйлөшүүдөн кийин Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Хай Чең жолугушууда Пхеньяндын атомдук программасы жөнүндөгү алты тараптуу сүйлөшүүлөр жөнүндө сөз болгондугун билдирди. Түндүк Кореянын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Россия, Япония, Кытай, АКШ, Түндүк жана Түштүк Корей мамлекеттери бул маселени талкуулап, сүйлөшүүлөрдүн үч айланапсын өткөрүштү, бирок андан натыйжа болгон жок. Жакартада болгон сүйлөшүүгө карабай расмий Пхеньян бүгүн Түштүк Кореяны Түндүк Кореяга каршы согуш ачуу максаты менен АКШдан аскердик жардам ала баштады, деп айыптады.

XS
SM
MD
LG