Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Израилде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, үч палестин кармалды

Коопсуздук чаралары жөөтөрдүн Пасха майрамына байланыштуу күчөтүлүп, палестин аймактары жабылган. Бүгүн өлкө башкалаасы Тель-Авивден алыс эмес жерде үч палестин согушкер деген шек менен кармалды. Израил радиосунун билдиргенине караганда, ыктымал терракт жөнүндө маалымат түшкөндөн кийин полиция жолдорду жаап, ары-бери каттаган автоунааларды тинтүүгө алган. Камакка алынган үч палестин - ошол жол тосмолордун биринен токтотулган автоунаанын жүргүнчүлөрү. Алар менен чогуу жүргөн төртүнчү адам автоунаа токтотулганда качып кеткен.
XS
SM
MD
LG