Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Түндүк Корея өзөктүк курал жаатындагы жөндөмдүүлүгүн чыңдайт


Бул тууралуу өлкө армиясынын генштабынын башчысы Ким Ен Чун билдирди жана ал ырастагандай, мындай чаранын себеби - Кошмо штаттардын кол салуу ыктамалдуулугу. Мунун алдында кечээ Түштүк Кореянын премьер- министри Ли Хэ Чан менен Түндүк Кореянын парламент төрагасы Ким Ен Намунун Жакартагы кездешүүсүндө Пхеньяндын өзөктүк курал программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу маселесинде жылыш болгон эмес.
Түндүк жана Түштүк Корея, АКШ, Жапония, Кытай, Орусия тартылган алты тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн жылы, Пхеньян Вашингтонду душманчыл саясат карманганы үчүн айыптаган соң, токтоп калган эле. Учурда АКШнын Түндүк Корея боюнча өкүлү Кристофер Хилл Түштүк Корея бийликтери менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Сеулда жүрөт.

XS
SM
MD
LG