Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Армения геноцид катары эсептеген окуялар башталганынын 90 жылдыгын белгилөөдө


Буга байланыштуу бүгүн Ереванда оң миңдеген армяндар жүрүш жасашты. Осмон империясы 1915-жылдын 24-апрелинде баштаган кан төгүүлөрдөн, армян тараптын эсебинде, 1,5 миллиондой адамдын өмүрү кыйылган. Армян өкмөтү бүгүнкү эскерүү иш-чараларга тартылгандардын саны дал ушул цифрага жетет деп үмүттөнөт.
Түркия жүз миңдеген армяндар өлтүрүлгөнүн моюнга алат, бирок бул мамлекеттик саясаттын эмес, Осмон империясынын кулашына алып барган граждандык башаламандыктардын кесепети деп эсептейт.
Өткөн түнү Ереванда Түркиядан мындан 90 жыл мурдагы окуяны геноцид деп расмий таануусун талап кылган демонстрация өткөн болчу. Армения Европа биримдигин аны менен быйыл жыл соңунда сүйлөшүү баштоо алдында турган Түркиянын армян геноцидин расмий таануусун уюмга мүчөлүктүн бир шарты кылууга чакырган.

XS
SM
MD
LG