Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

ЖАПОНИЯДАГЫ ИРИ ТЕМИР ЖОЛ КЫРСЫГЫ


Дүйшөмбүдө Жапониядагы темир жол кырсыгынан 50дөй адам каза таап, 300дөн ашуун жүргүнчү жаракат алды. Бул өлкөдө акыркы 40 жылдан берки эң ири темир жол кырсыгы.

Жапониянын темир жол системасы дүйнөдөгү эң коопсуздардын бири деп эсептелет. Анткен менен турмуш –тиричиликтин көп тармактары автоматташтырылган бул өлкөдө да кыргыздын "кырсык каш –кабактын ортосунда" деген учкул сөзүнүн тууралыгын дүйшөмбү күнкү окуя далилдегенсиди. Жапониянын батышындагы Осака шаарынан көп алыс эмес жайгашкан Амагасаки шаарчасында алты жүзгө жакын жүргүнчүнү тартып келе жаткан 7 вагондуу поезд бир заматта рельстен чыгып кетип, оболу автоунааны, андан соң жол жээгиндеги көп кабаттуу үйдү сүзгөн. Кырсыкка учураган поезд караштуу болгон West Japan Railway компаниясы бул үчүн дароо эле жабыр тарткандардан кечирим сурап, аларга көңүл айтты. Компаниянын менеджери Ценуми Мураками:

-Бүгүн жана 9:18де Фукичиама темир жолундагы кырсыктан курман болгондор менен жаракат алгандар жана алардын жакындарына көңүл айтабыз.

Жол жээгиндеги көп кабаттуу үйдүн бурчун поезддин рельстен чыгып кеткен беш вагонунун экөөсү сүзгөн. Кырсыкка кабылгандарга жардам көргөзүү иштерине жүздөгөн куткаруучулар, полицейлерден тышкары Токиодогу борбордук өкмөттүн буйругу менен жиберилген аскерлер да тартылды.

Жапонияда буга чейинки ири темир жол кырсыгы 1963 –жылы катталыптыр. Анда башкалаа Токионун жанындагы Иокохама деген жерде поезддердин кагылышуусунан 160тай адам каза тапкан.

Азырынча кырсыктын расмий себептери жарыялана элек. West Japan Railway компаниясынын билдиргенине караганда, учурда тергөө иштери жүрүүдө, бирок компания поезд кырсыкка кабылганга чейинки аялдамадан өтүп барып токтогонун ырастады. Аман калган жүргүнчүлөрдүн айтымында да, поезд графиктен кечиккенине байланыштуу адаттагыдан ылдам кетип бара жаткандай таасир калтырган. Алардын бири Токио телекөрсөтүүсүнө берген интервьюсунда буларды маалымдады:

-Поезд кечиккен жана мен кадимкидегиден тез кетип бара жатат деп ойлогон элем. Поезд аялдамадан ашып өтүп кеткенде, бир аз кооптонгом. Ушул жерде катуу кагылыштын үнү чыкты.

Окуянын экинчи бир күбөсү төмөнкүлөрдү кошумчалады:

-Алар тормоздорду иштетишти, бул жерде уюлгуган чаң чыгып, анан кагылыштын кош добушу угулду. Курларды кармап турган адамдар учуп кетип жатышты.


Кабарларга караганда, поездди 11 айлык гана айдоочулук тажрыйбасы бар 23 жаштагы машинист айдап келе жаткан. Ал оор жаракат алган, бирок аман калды. Кырсыктын себеби чын эле машинисттин тажрыйбасыздыгыбы же жокпу? Муну эми тергөө көрсөтмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG