Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:54

26-апрелге аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 26-апрелде республика боюнча ала булут каптап турат. Айрым аймактарда кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26 градус жылуу.

Талас дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25 градус.

Ош, Жалалабат, Баткен аймактарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +22 градустан +27 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.

Ал эми Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24 градус жылуу.

Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24 градус.

Бишкекте сейрек булут каптап, бир аз жамгыр себелейт. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +23...+25 градус жылуу болот.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты

XS
SM
MD
LG