Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Аксуу районунун тургундары пикетке чыгышты


КАРАКОЛ. Пикетке жыйырмага жакын атчан, жүз элүүгө жакын жөө адам чыкты. Пикетчилердин айткандарына караганда, Аксуу районундагы Жолголот айылына таандык 400 гектарга жакын айдоо аянттарына, Челпек айылындагы “Жемиш” акционердик коомунун төрагасы Теңизбай Жункеев баштаган чөнтөгү калың ишкерлер ээ болуп келишкен. Ошондон улам айрым айыл тургундары жер үлүшүн гана эмес, үй салып алуу үчүн жер участкаларын ала албай убара тартышууда. Буга чейин да жолголоттуктар жер маселеси боюнча тиешелүү жетекчилерге кайрылышкан, бирок жергиликтүү бийлик, күч структураларынан бир беткей гана жооп берилип, чыр-чатактуу бул маселе 95-жылдан бери чечилген эмес. Пикетчилер менен облус губернаторунун милдетин аткаруучу Эсенгул Өмүралиев сүйлөшүп, алардын суроо-талаптарын үч күн ичинде чечүү тууралуу убада берди. Пикетчилер эки сааттан кийин тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG