Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Тил комиссиясынын курамы бекитилди


БИШЕК. Жогорку Кеңеш 25-апрелдеги отурумунда президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тил комиссиясынын курамы бекитилди. Комиссиянын курамы тогуз адамдан турары аныкталды. Комиссия курамына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орунбасары Ташбоо Жумагулов, Илимдер Академиясынын тил илими институтунун директору Кадыралы Коңкобаев, адабиятчы, профессор Лайли Үкүбаева , Ишенаалы Арабаев атындагы тил институтунун директору Үмүт Култаева, тил илиминин доктору Шералы Жапаров, Славян университетинин кыргыз тил кафедрасынын башчысы Галина Василькова киришти.

XS
SM
MD
LG