Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Жогорку Соттун төрагасы кызматтан кетти


Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге арыз тапшыргандыгы кабарланды. Бирок, расмий маалыматка караганда, Курманбек Бакиев арызды канааттандыра элек. 24-март окуясынан кийин коомчулук өкүлдөрү Осмоновдун кызматтан кетишин талап кылып бир нече ирет кайрылышкан. Өткөн жуманын этегинде парламенттик шайлоо боюнча кабыл алынган чечимдерге нааразы Чүй жана Токтогул шайлоо округдарынын айрым шайлоочулары Жогорку соттун имаратын ээлеп алышкан. Ал эми төраганын өткөн бейшембиден бери ооруп, жумушка чыкпай жаткандыгы кабарланган. Курманбек Осмонов бул кызматка парламенттин макулдугу жана президенттин жардыгы менен 2004-жылдын башында отурган.

XS
SM
MD
LG