Луцио Гутиеррез Эквадордун жаңы өкмөтү ага өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат бергенден кийин бир нече сааттан кийин Бразилияга учуп келди. Бразилиянын Аба күчтөрүнүн учагы Гуттиеррезди бала-бакырасы менен баш калаа Бразилияга жеткирди. бийликтен шаршембиде четтетилген Гуттиеррез алгач Бразилиянын элчилигинен баш калканч тапкан. Бразилия ага баш калканч сунуш этти, Бразилия шаарында ага аскердик резиденция берилет деп күтүлүүдө.