Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Румындар Иракта барымтага түшкөн улутташтарын колдоп демонстрацияга чыгышты


Демонстранттар үч журналисттин сүрөттөрүн булгалашып, ал эми чиркөөлөрдө алардын амандыгын тилешти.

Барымтачылар жума күнү Румыния Ирактагы 860 аскерин чыгарып кетүүгө төрт күндүн ичинде убада бербесе, журналисттерди өлтүрөбүз деп эскертишкен.

Бул мөөнөттүн бүтүшүнө эки күн калганда өткөн демонстрациялар Румыниянын бир нече шаарында болду. Бухарестте Университет майданында 500 чакты киши чогулду, алардын арасында 100 чакты араб тургундары да болду. Анын аралыгында, Ооганстанда аскер кербенине кол салууда румыниялык бир аскер жан таслим болду. Ошол эле убакта Иракта Пакистандын атуулу бошотулду.

XS
SM
MD
LG