Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Россиянын мамлекет башчысы улутка жылдык кайрылуусун жасады


Владимир Путин өкмөттүн негизги геосаясий максаты - европалык идеалдарды карманган, эркин, демократиялык Россиянын өнүгүүсү, - деп билдирди.
Россиянын дүйнөдөгү орду өлкөнүн ийгилигине жана кубаттуулугуна багыңкы болот деген Путин, бул процесс жарандардын жеке укуктарына карама каршы келбейт деп кошумчалады.

СССРдин кулашын алаамат катары сыпаттаган Путин Россия Cоветтер союзунун тагдырын кайталабаш үчүн өз турумдарын бекемдеши керек деди:

CCCРдин ыдырашы 20-кылымдын эң олуттуу геосаясий алааматы болуп калды. Орус эли үчүн аны кадимкидей драма деп бааласа болот. Миллиондогон мекендештерибиз, улутташтарыбыз Россия аймагынын сыртында калышты. Жарылып-бөлүнүү эпидемиясы Россиянын өзүндө да жайыла баштаган.

XS
SM
MD
LG