Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

КЫЗЫЛКЫШТАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ТУРГУНДАРЫ НААРАЗЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 26-апрель күнү Караcуу районунун Кызылкыштак айыл өкмөтүнө караштуу «Коммунист”, “Керметоо”, “Кызылбайрак” жана “Ишкаван” айылдарынын жүзгө жакын тургундары айыл өкмөтүнүн башчысы Мавлюда Жумабаеванын кызматтан кетүүсүн талап кылышып, нааразылык акциясына чыгышты. Акциянын катышуучулары Мавлюда Жумабаеваны кызмат абалынан кыянат пайдаланып келген деп айыптоо менен, анын таза эмес иш-аракеттерин учурдагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да жашырып-жаап жатат деген нааразылыктарын билдиришти.

Эске сала кетүүчү жагдай, өткөн жылы жергиликтүү финансы полициясы тарабынан Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Мавлюда Жумабаевага каршы мамлекеттик жер фонддунун бир нече участокторун мыйзамсыз сатып жиберген деген айыптоо менен кылмыш иши козголуп, бирок аталган иш белгисиз себептер менен тергөө өндүрүшүнөн кыскартылган. “Ишкаван” айылынын тургуну Мамасадык Эркинбаев айыл өкмөт башчысынын мыйзамсыз иштерин мурдагы бийлик өкүлдөрү жаап жашырып келген деген пикирин билдирди:

- Мавлюда Жумабаеванын үстүнөн, бир нече жолу жерлерди сатты, конторлорду көчүрүп, тууган-уругун конторлордо иштетти, кайрылган элдин маселесин чечкен жок деген айыптар менен телеге, башка жактарга кайрылганбыз. Ошол иштер жабылып кеткен, - деди Мамасадык Эркинбаев.

Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн ар кайсы айылдарынан келишкен нааразылык акциясынын катышуучулары айыл өкмөтүнүн башчысын мамлекеттик фонддун жерлерин өзүнүн жакындарына жана айыл өкмөтүндө жашабаган адамдарга ижарага берип жиберген деген айыптарды коюу менен анын токтоосуз түрдө кызматтан кетишин талап кылышты.

- Буга окшогон чоңдорду алып келип койсок бир гектар жерди өзү пайдаланып турса. Ал эми элге орду өчкөн жерди берип койгон болсо. Мисалы, мен өзүм жөнүндө айтайын, үч жылдан бери бардым Мавлюдага. Биздин үлүш жерден суу чыгып кетти, жардам бергиле деп. Үч жылдын ичинде бир да басып келген жок.

- Өзүнүн ыктыяры менен отставкага чыгып кетсин. Бул дагы эртең Акаевдей болуп калбасын, - деген пикирлерин билдиришти.

Нааразылык акциясына чакыртылган айыл өкмөтүнүн башчысы Мавлюда Жумабаева өзүнүн ишинде мыйзамсыз аракеттерге жол берилбегендигин айтуу менен, аны кызматтан алууга коюлуп жаткан талаптар негизсиз деген пикирин төмөндөгүчө билдирди.

- Орто фонддун жери мыйзамдуу берилген. Мыйзамдуу берилгенде дагы элге жакын тартипте берилген. Себеби 345 гектар жерди 334 арендаторго, же болбосо бир гектардан арендага берилген. Бул жерде жашап аткан 1050 шайлоочусу бар. Алардын менин тагдырымды чечкенге акысы жок, - деди Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Мавлюда Жумабаева.

Ал эми айыл тургуну Мамырбек Өмүрзаков март ынкылабынан кийин айыл өкмөтүнүн жетекчисинин мыйзамсыз иштерин текшертүү боюнча облустук бийликтерге карата бир нече жолку кайрылуулары алиге чейин натыйжа бербей жаткандыгын белгиледи:

- Өткөн жумада облустук акимге факты менен барсак, бир жумадан бери ал фактыларыбыз жок. Облустук прокуратурага өттү дейт. Бирок 22 күндөн бери эч кандай текшерүү болбой атат , - дейт Мамырбек Өмүрзаков.

XS
SM
MD
LG