Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

ЖОГОРКУ СОТТУН ИШИ ТОКТОП ТУРАТ


Чолпон Орозобекова , Бишкек 25- апрелде Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кеткендиги жөнүндө арызын жазды. Бүгүнкү күндө Жогорку соттун иши токтоп турат, соттун имаратына 700гө чукул шайлоочу кирип алган. Курманбек Осмоновдун отставкасын көптөн бери атуулдук коомдун өкүлдөрү, айрым саясий партиялар жана бир жумадан бери пикетте турган шайлоочулар талап кылып келатышкан.

Курманбек Осмонов элдин тынчтыгын, коомдун стабилдүүлүгүн ойлоп, кызматтан кетип жатам деп билдирди:

- Мен кызматтан кетсем эле, акыбал турукташып кала турган болсо, мен кызматыма жабышпай эле кетип калайын дедим. Бул кызмат мен үчүн элдин мүдөөсүнөн өйдө турбайт, -дейт Курманбек Осмонов.

Жогорку сот учурда иштебей турат. Имаратты депутат болбой калган беш талапкердин шайлоочулары басып алышкан. Имараттын ичинде соттун бир да кызматкери жок. Токтосун Мадияровдун, Шарипа Садыбакасованын, Туратбек Андашевдин, Рашид Бостоновдун, Замир Мураталиевдин жактоочулары Курманбек Осмонов кеткенден кийин акыйкаттык болот го деген үмүтүн билдирип жатышат.

«Соттордун статусу жөнүндө» мыйзамга ыйлайык Курманбек Осмоновдун арызын парламент кабыл алып, президент сунуштаган адамды Жогорку соттун төрагалыгына жашыруун добуш берүү менен шайлап бериши керек.

Азырынча парламентке К.Осмоновдун арызы түшө элек. Депутаттар Курманбек Бакиев сунуштап берсе, бир күндө эле кабыл алып беребиз деп жатышат.

Атуулдук коомдун улуттук форуму кабыл алган резолюциянын бир талабы Курманбек Осмоновдун отставкасы болчу. Атуулдук коом коррупцияга каршы бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова бул Курманбек Осмоновдун ыңкылаптан кийин бул кызматта калууга моралдык укугу жок болчу деген ойдо:

- Курманбек Осмонов кызматтан кетип гана тим болбойт. Алар бир топ мыйзам бузуу фактылары боюнча жоопко тартылышы керек.

Жогорку сот ишке качан чыгаары азырынча белгисиз. 700дөй шайлоочу беш башка талап менен ар бир тарап өз мүдөөсүнө жетмейин кетпейбиз деп турушат. Бул кырдаал азыркы өкмөттүн алсыздыгын көрсөтөт дейт депутат Темирбек Сариев.

- Ушул кырдаалда мыйзамдуулукту сакташ, эл ичинде бейпилдикти камсызх кылыш азыркы бийликтин милдети болчу. Ал эми Жогорку соттун имаратын ээлеп алыш мыйзам бузгандык жана азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG