БИШКЕК. Тажик атуулдарынын Баткен облусунун аймагынан жер басып алуу фактысы боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тажик тышкы иштер министрлигине нота жиберет. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиева 26-апрелде билдирди. Анын маалыматы боюнча, учурда кыргыз-тажик чек арасын аныктоо талашы жок участоктор боюнча жүрүп жатат. Май айында эки мамлекеттин чек ара боюнча эксперттер, андан кийин июнь айында өкмөттүк делегациялар деңгээлинде сүйлөшүүлөр болмокчу.