БИШКЕК. Тажик атуулдарынын Баткен облусунун аймагынан жер басып алуу фактыларын иликтөө максатында Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түздү. Алты депутат кирген комиссия Баткен облусуна барып, кырдаалды жеринде иликтеп келмекчи. Баткендеги жер маселесине байланыштуу 26-апрелде депутатарга чек ара кызматынын башчысынын орунбасары Нурдин Чомоев, Улуттук коопсуздук кызматынын орунбасары Токон Мамытов, тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиева жана башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров маалымат берди. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жер басып алууга кыргыз-тажик чек арасынын делимитация боло электиги себеп болууда. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров коңшу мамлекеттердин атуулдарына жер сатуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголуп, күнөөлүүлөр тийиштүү жазасын алаарын билдирди.