Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

ПРАГАДА “БИР ДҮЙНӨ” ФИЛЬМ ФЕСТИВАЛИ БАШТАЛУУДА


Прагада “Бир дүйнө” аттуу фильм фестивали башталууда. Адам укуктары темасына арналган документалдуу тасмалардын конкурсу Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавелдин демилгеси менен мындан 7 жыл илгери алгачкы жолу өткөрүлгөн. Быйылкы фестивалда Ооганстан, Беларусь, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Румыния жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн келген фильмдер көрсөтүлөт.

“Арал: Балыкчынын арманы” деген тасма бир кездери гүлдөп өнүккөн, азыр болсо чөлгө айланган жерде жашаган балыкчылардын оор турмушу жөнүндө баяндайт. 2004-жылы Торонтодогу эларалык фестивалда документалдуу фильмдер арасында баш байгени жеңип алган тасманы өзбек жана испаниялык режиссерлор биргелешип тартышкан.

Карлос Казас Саодат Исмаилова менен тарткан фильми жөнүндө мындай дейт:

- Фильмден кийин бул проблемага салттуу, саясий жактан гана эмес, адамдык өңүттөн да көңүл бурулат деп үмүттөнөм. Саясат мени кызыктырбайт, кимдир бирөөнүн дарегине сын да айткым келбейт. Мен тек гана адамдын турмушун чагылдырууну максат кылгам.

Быйыл Ирак жөнүндөгү тасмалар өзгөчө кызыгууну жаратууда. Бирок, фестивалдын директору Игорь Блажевич айткандай, бул жолу адатта көп чагылдырылбаган өлкөлөрдөгү элдин турмушу жөнүндөгү фильмдер арбын.
Блажевич Кыргызстан жөнүндөгү “Кыз ала качуу”, жаш беларустарга арналган “89 миллиметр” деген фильмдерди баса белгилейт.

“89 миллиметр” – символикалык аталыш. Чыгыш жана Батыш Европадагы рельстердин кенендигинин айырмасы дал ушунча экен. Фильмдин режиссеру, германиялык Себастьян Хайнцель Европадагы акыркы диктатура өкүм сүргөн беларусиялык 6 жигиттин күнүмдүк турмушу жөнүндө баяндайт:

-Алар бири-биринен абдан айырмаланышат. Бирөө, мисалы, түнкү клубда бийлейт, экинчиси - аскер, үчүнчүсү - оппозициянын мүчөсү. Бирок бардыгы тең өздөрүнүн, мындайча айтканда, жаш өлкөсүн жакшы көрүшөт. Бул жигиттер немис курдаштарына караганда, мекенине жакыныраак деп ойлойм.


Былтыркы фестивалда баш байгени ыйгарганга келгенде, калыстар тобу экиге бөлүнүп калган эле. Оккупация маалында палестиналык студенттерге жардам берген жөөт аял жөнүндөгү “Арнанын балдары” жана Камбожадагы геноцидди баяндаган “Кызыл Хмерлердин өлүм машинасы” деген фильмдер жюринин жогорку баасына арзыган. Бирок жөөт аял жөнүндөгү фильмде жанкечтилердин катарына кошулган палестиналык баланын каарман катары көргөзүлгөнү жюринин эки мүчөсүнө жакпай калган.

Блажевич мындай пикирге кошулбаганы менен, элде ошондой ой пайда болушу мүмкүн дейт. Фильм суроолорго жооп алууну эмес, маселени көтөрүүнү көздөйт:

-Менимче, фильмден кантип жүрүш керек, кантип ойлош керек деген ачык-айкын жооп ала албайсың. Биз тасмаларды тандаганда үгүт форматындагы фильмдерди албоого аракет жасайбыз. Мисалы, бейөкмөт уюмдардын үгүтү өтө агрессивдүү болот, алар ар дайым: “Биз айткандар - чындык” дегиси келет. Биз жакта эл кимдир бирөөнүн баалуулуктар, чындык жөнүндө айткан сөздөрүнө абдан сезимтал болот.

Былтыркы фестивалга катышкан фильмдерди жалгыз гана Прагада 28 миңге жакын киши көргөн. Чехиянын башка 14 шаарында болсо фестиваль 26 миңдей көрүүчүнү чогулткан.
XS
SM
MD
LG