Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:53

АКАЕВДИН АРХИВИНЕН ЧЫККАН СӨЗ, ПРЕЗИДЕНТ ТАЛАПКЕРЛЕРИНИН САНЫ АРБУУДА


Акаевдин архивинен чыккан сөз дагы кыйла созулчудай. Экс-президент чын эле бийлик талапкерлерине акчалай жардам көрсөтүп, каршылаштарынын жолун тороого кызыкдар болгонбу? Президенттикке талапкерлердин катары арбууда. Жоопкерчиликсиз жеке бийликтен жалккан калк Конституцияны жаңылоону каалайт. Арада кылмыштуу элементтер ээн-эркин баш көтөрүүдө.

А.Акаевдин жеке архивинен табылган материалдар анын парламент шайлоодогу көз боемочулуктардын анабашында турганын айгинелегенин шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити жазып чыкты. Акаев түстүү революцияларды болтурбоонун дарысын таап койгонун парламент шайлоодон соң ачык билдирген жайы бар.

«Биз эми Акаевдин ишенген вакцинасынын сырын билип алдык,- деп жазат Аскар Арсланов.- Ал бери дегенде паралоо, опузалоо, жазалоо жана уруучул аң-сезимди козгоо деген элементтерден турат экен. Өтө опурталдуу вакцина экенине ынанып отурабыз».

А.Акаев билимдүү, эрудициясы терең илимпоз киши. «Бирок, илимпоздугу жогору болгон менен бийлик эйфориясында такыр эле жараксыз адам экен да. Кадр тандоодо көп кемчиликтер кетирди», дейт эл жазуучусу Асанбек Стамов шейшембидеги «Эркинтоо» гезитинде жарыяланган маегинде. Ушу тапта президенттикке талапкерлердин арасынан К.Бакиев менен Ф.Куловдун мөрөйү үстөм. А.Стамовдун ырасташынча, «чарбакер адам экендигин капкачан эле далилдеген, түндүк-түштүккө орток адам Бакиевде шанс көп».

А.Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү делген ишканалардын саны мурда кабарлангандардан көп болушу ыктымал, деп маалымдайт 26-апрелдеги «Слово Кыргызстана» гезити. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун ырасташынча, алтын кен ачылгандан бери «Кумтөрдөн» 207 тонна 2 миллиард 300 миллион долларлык алтын казылып алынган. 70% акцияга ээ Кыргызстан андан болгону 107 миллион доллар гана акча алган. «Бител» компаниясы 24-марттагы окуянын алдында 30 миллион доллар акчаны офшордук аймактарга которууга үлгүргөн.

А.Акаев бийик трибуналарда туруп уялбастан эле калп айтып келди, деп жазат Вячеслав Тимирбаев «МСН» гезитинде. Мамлекет башчынын калпын премьер-министр менен мамлекеттик катчы улантып, бийлик башындагылардын «беш өрдөгү» эч кимди таңдандырбай калган. Өңгөдөн да көптөгөн адистердин, саясий партия жетекчилеринин, бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн катышуусунда эки айдан ашуун талкууланып, такталган конституциялык өзгөртүүлөрдү А.Акаев кабыл албай эксперттик комиссиянын вариантын жалпы элдик референдумга коюусу анын ким экендигин айгинелеген. Ошондон кийин да А.Акаев Конституцияны жерге-сууга тийгизбей мактоодон тажабады, деп жазат В.Тимирбаев.

Акаевдин үй-бүлөсү, жакындары эч уялбастан эле мурунку замандан калган байлыкка ээ чыгып, колго тийгендин баарын өзүнө энчилеп ала баштаганын көргөн калк айла жок көтөрүлүп чыкты. Калкы алдында таза экенин айтуудан тажабаган, артынан толгон-токой кагаз программаларды калтырып, элин олчойгон карызга отургузуп сергек саясатчыга айлана албаган президент үй-бүлөсүн алып качып кетти, деп жазат Күлсина Качкынбаева. Мамлекет башчыдан башталган социалдык илдеттин эң коркунучтуусу – элдин мыйзамды сыйлабай калгандыгы, аны буйлаланган төө катары каалагандай буруп жеке кызыкчылыкка пайдалануу, коррупциянын күчөп кетиши.

24-марттагы окуялар тууралуу ушул эле гезитте Бишкек шаар милициясынын мурунку-азыркы жетекчилери Кеңешбек Дүйшөбаев менен Өмүрбек Субаналиевдин пикирлерине орун берилген. Ө.Субаналиевдин ырасташынча, ушу тапта айрым кылмыштуу топтор, айрыкча республиканын түштүгүндө, тымызын куралданышууда. Наркобарондор, уюшкан кылмышкерлер өз ээликтерин сактап калыш амалында даярдык көрүшүүдө. К.Дүйшөбаев республикадагы криминогендик кырдаал курч бойдон калып жатканын белгилеп, президенттик шайлоодо ортодо чоң кагылыш чыгып кетиши ыктымал дейт.
XS
SM
MD
LG