Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:20

ЖЕР БОЮНЧА МАМКОМИССИЯ ИШТЕП ЖАТАТ


Чолпон Орозобекова Жер маселеси боюнча мамлекеттик комиссия 27- апрелде өкмөт үйүндө чогулду. Учурда башкалаанын чет жакасынан жана Чүй өрөөнүндө жер басып алгандар жер боюнча мамлекеттик комиссиядан жооп күтүп атышат. Бул жыйында ушул жай айларында мамлекеттик казынанын эсебинен ипотекалык кредит бериле баштаары дайын болду.

Жер алууга укугу бар деген кагазды ушул күндөрү баш аягы 20 миң адам колуна алды. Кыймылсыз мүлктү каттоо мекемелеринин маалыматы боюнча бул максатта 37 миң адам кайрылган. Жер бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы вице-премьер Медетбек Керимкулов жер басып алуучулар комиссияга мөөнөт берип, тез арада жер берүүнү баштабаса кайрадан көтөрүлөөрүн билдирип жатышканын айтып, комиссия мүчөлөрүн ишти тездетүүгө чакырды.

Бишкектеги жана Чүй дубаны боюнча жерлерди инвентаризациялоо менен алектенип жаткан жумушчу топтор отчет берип, 15- майга чейин бардык ишти жыйынтыктай турганын билдиришти. Бүгүнкү күндө Бишкектен 224 гектар бош жер табылган. Жумушчу топтун баамында, анын 180 гектарына кабат үйлөрдү салып, калганын там салууга берсе болот. Медетбек Керимкуловдун айтымында, мурда өз токтому менен өкмөт Сокулуктан чегерип берген 302 гектар жерден сырткары жумушчу топтор бош ээсиз жаткан жерлерди аныктаса, ал жерлер да берилиши ыктымал.

Юстиция минитсринин орун басары учурда жер маселеси боюнча президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы жана өкмөттүн токтому даярдалып жатканын билдирди. Эркин Мамыров төмөндөгү адамдар гана жер ала алаарын баса көрсөттү:

- Ошол админитсративдик аймакта 5 жылдан кем эмес жашаган, мурда үй салыш үчүн жер албаган... Бул норма жер кодексинде да айтылган. Үчүнчү талап, ал адамдын үстүндө үйү жок болушу керек. Эгер ал адам жатаканада же барак үйдө жашаса жер алууга укуктуу.

Жыйында ушул жай айларында мамлекеттик ипотеклаык компания түзүлөөрү дайын болду. Финансы минитсринин орун басары Мурат Исмаиловдун айтымында, бул үчүн мамлекеттик казынадан 100 миллион сом изделип атат. Финансы министринин айтымында, ипотекалык компания үй сатып алганга атуулдарга 15 жылга кредит бере баштайт. Анүчүн ал адам үйдүн наркынын 20 пайызын өзү төгүп бериши керек болот.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Анвар Турсунов башкалаада жер калбай баратканын, шаарды кеңейте бергенге мүмкүнчүлүк жоктугун айтып, Бишкекте каттоого тургузууда чектөөлөрдү коюуну сунуштады. Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңешине бул боюнча сунуштарды жөнөтүшмөкчү. Мисалы, Ташкенде башка региондон келгендерге каттоого турганга жана кыймылсыз мүлк сатып алганга тыюу салынган.

- Бул маселенин юридикалык жагын байкаш керек. Азырынча дал ушундай чектөө киргизиш керек деп айта албайм. Бирок, башкалаага чектөөлөр зарыл болуп калганы дайын. Андыктан терең ойлонуп туруп, чара көрүү керек, -дейт Бишкек шаардык кеңешинин спикери Нуржамал Байболова.

Ушул эле күнү Бишкек мэриясында башкалаанын генпланын иштеп чыгуу жөнүндө жыйын болду. Азыр башкалаа 500 миң кишиге эсептелген 1971- жылкы генплан менен жашап жатат. Бүгүнкү күндө башкалаада 1 миллион 200 миң адам бар. Жыйында маалым болгондой, Бишкектин генпланын иштеп чыккыдай адистер жетишсиз, ал эми Киевден атайын чакырылган адистер 24-марттагы окуядан кийин кызматташуудан баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG