Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Багдадда белгисиз адам Ирак парламентинин аял депутатын атып өлтүрүп кетти


БАГДАД.Ирактын полициясынын билдиргенине караганда, бүгүн Багдадда белгсиз бир адам парламенттин депутаты Ламеа Абед Хадафи айымды үйүнүн жанынан атып өлтүрүп кетти. Хадафи кызмат мөөнөтү соңуна чыгып бараткан премьер Ияд Аллавинин саясий партиясынын мүчөсү болгон. Кечээ АКШнын куралдуу күчтөрүнүн бириккен штабынын башчысы генерал Ричард Маерс Иракта кол салуулар көбөйүп, мындан бир жыл мурдагы дэңгээлге жеткенин билдирген. Хадафи 275 орундуу жаңы парламентке январда өткөн шайлоодо шайланган болучу.

XS
SM
MD
LG