Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Ирактын өкмөт башчысы министрлер кабинетин түздү


БАГДАД. Ирактын премьер-министри болуп дайындалган Ибрагим ал Жаафари 36 министрден жана вице-премьерлерден турган жаңы кабинеттин курамын президенттик кеңештин кароосуна койду. Жаңы кабинеттин курамына өлкөдө жашаган шиилер, суннилер менен күрттөрдүн өкүлдөрү кирди. Шиилерге 17, күрттөргө 8, ал эми суннилерге 6 министрлик портфель тийди. Эгерде президенттик кеңеш кабинеттин бул курамын макулдаса, маселе өлкө парламентинин кароосуна койулат. Кабинетти бекитүү үчүн аны депутаттардын жөнөкөй көпчүлүгү колдоого тийиш.

XS
SM
MD
LG