Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Ошто президенттин өкүлү болуп Алманбет Матубраимов дайындалды


БИШКЕК. Кыргызстандын президентинин милдеттерин убактылуу аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен президенттин түштүк аймак боюнча атайын өкүлү болуп Алмамбет Матубраимов дайындалды. Ушул эле күнү Алмамбет Матубраимов Ош облусунун акимчилигинде тааныштырылып, ал өз ишин баштады. Ош облустук мамлекеттик администрациясындагы жыйындар залында вице-премьер-министр Адахан Мадумаров президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алмамбет Матубраимовду жыйындын катышуучуларына тааныштырды. Адахан Мадумаров өз сөзүндө президенттин түштүк өкүлчүлүгүн ачуунун зарылдыгын өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жөнгө салуу жана коррупция менен күрөшүү жаатындагы иштерди координациялоо талабы менен байланыштырды. Жыйындын аягында Матубаримов мырза жергиликтүү күч органдарынын жетекчилери менен өзүнчө жолугушуу өткөрүп, жакынкы күндөргө карата алдыда коюлган милдеттер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

XS
SM
MD
LG