Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Жер маселеси боюнча кырдаал күчөшү мүмкүн


БИШКЕК. 27-апрелде мигранттар жана үй куруучулар ассоцациясы президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкуловго, Бишкек шаарынын мэри Аскар Салымбековго, Чүй облусунун губернатору Тургунбек Кулмурзаевге кайрылуу жолдошту. Кайрылууда жер боюнча өкмөттүк комиссиянын курамына, жумушчу топко аталган ассоцациянын өкүлдөрүн катыштырууну өтүнүшкөн.
Эл биримдиги ассоцациясынын төрайымы Гүлмира Тостокованын айтымында
5-6 жылдан бери мыйзам чегинде кезекте тургандардын саны 80 миң адамга жеткен. Алардын 8 миңи мамлекеттик кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинен текшерүүдөн өтүп, жер алууга документтерин даярдашкан. Алар биринчи вице-премьер министр Медетбек Керимкулов, Чүй облусунун губернатору Тургунбек Кулмурзаев, депутат Темир Сариев аталган ассосациянын өкүлдөрүн жер маселесин чечүүдөн четтеткенине нааразы болушууда. “Эгер өкмөт биздин талапты аткарбаса өкмөт үйүнүн жанына миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышып, кырдаалды курчутушу мүмкүн” деди Гүлмира Тостокова.

XS
SM
MD
LG