Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Темир жолчулар ачкачылык жарыялашты


БИШКЕК. 27-апрелде Кыргызстандын темир жол башкармалыгынын ачкачылык жарыялаган кызматкерлеринин саны 16 жетти. Алар аталган башкармалыктын жетекчиси Нариман Түлеевди кызматтан кетирүү, башкармалыктын кызматтан четтетилген жетекчиси Арген Малабаевди жана башка темир жол тармагы боюнча кызматтан себепсиз бошотулган мыкты адистерди кайрадан кызматка алуу, жаңы өкмөткө ишеним көрсөтпөө талаптарын коюшууда. Бул тууралуу темир жол башкармалыгынын кесиптик биримдигинин төрагасы Эрнист Дөкөнов билдирди. Анын айтымында, 26-апрелде 12 темир жолчу ачкачылык жарыялап нааразылык акциясын башташкан.

XS
SM
MD
LG