Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

ТАЖИКСТАНДА ОППОЗИЦИЯ ЛИДЕРИ КАМАККА АЛЫНДЫ


Замира Кожобаева Тажик оппозициясынын лидери Махмудрузи Искандаров Тажикстандын күч органдары тарабынан камакка алынды. Ал өткөн жылы декабарь айында Орусиянын тартип коргоо органдары тарабынан Москва шаарында кармалып, апрель айынын башында бошотулган эле. Расмий бийлик анын учурда Дүйшөмбү шаарында камакта жаткандыгын үстүбүздөгү жумада билдирди.

Тажикстандагы оппозициянын лидери Махмудрузи Искандаров 2004-жылдын аягында Орусиянын күч органдары тарабынан террористтик жардырууларды жасаган жана мыйзамсыз курал алып жүргөн деген айып менен камакка алынган болчу. Бул айыптоолорду ага Тажикстан прокуратурасы таккан. Ал эми Орусия бийлиги Тажик өкмөтүнүн аны кармоо тууралуу өтүнүчүнүн негизинде иш жүргүзгөн.

Бирок байкоочуларды таң калтырган бир нерсе: Орусия бийлиги Искандаровду Тажикстанга берүүдөн баш тартып, аны 3-апрель күнү бошоткон. Боштондукка чыккандан кийин көп өтпөй Искандаров дайынсыз жоголду. Анын жоголуп кеткендиги тууралуу биринчи кабар Искандаровдун саясий тарапкерлери тарабынан таркатылган.

Тажикстан демократиялык партиясы өткөн жуманын аягында Искандаров 15-апрель күнү кечке жуук Москва шаарында таптакыр дайынсыз жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат таратты. Бирок 26-апрель күнү Тажикстандын баш прокурору Бобожон Бобохонов маалымат жыйынын өткөрүп, Махмудрузи Искандаровдун дайынын билдирди:

-Махмудрузи Искандаров кармалган. Ал азыр Коопсуздук кызматынын абагында камакта. Тергөө иштери жүрүп жатат.--деген Бобожон Бобохонов Искандаров 22-апрель күнү кармалгандыгын айтып кетти.

Бирок коомчулукка Искандаров Тажикстанга кантип келип калгандыгы белгисиз болууда. Тажикстандагы адвокаттар ассоциациясынын жетекчиси Абдыкайим Юсупов Искандаровдун мындай жол менен кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт:

- Күч органдары тарабынан мындай ыкма менен кармоону мыйзам боюнча кайрадан карап чыгууга болот. Кармоо мезгилинде тартип коргоо органынын агенти катары эч ким өзүн ачыкка чыгарган эмес жана Искандаровду кармоого негиз болгон эч кандай документ да түзүлбөгөн.

Махмудрузи Искандаров Тажикстандагы “Бириккен тажик оппозициясы” коалициясынын жетекчиси эле. Аталган коалиция 1992-1997-жылдардагы атуулдук согуш мезгилинде тажик бийлигине каршы күрөш жүргүзүп келген. Бирок согуш бүткөндөн кийин Искандаров мунапыс алып, тажик өкмөтүндө иштеди. 2003-жылдын аягында ал электр компаниясынын башчысы болуп иштеп турган мезгилинде кызматтан бошотулган.

Ал эми террордук актыларга тиешеси бар деген айыптоолор өткөн жылдын аягында чыга баштады. Анткени ал убакта Искандаров парламенттик шайлоого даярдык көрө баштаган болчу. Бул тууралуу Орусия камагынан бошотулгандан кийин акыркы маектеринин биринде Махмудрузи Искандаров өзүнө коюлуп жаткан күнөөнү жокко чыгарып, муну билдирген эле:

- Алардын мени терроризмге байланыштырып күнөөлөп жатканы күлкүнү келтирет. Мен атуулдук согуш жүрүп жаткан мезгилде да эч бир террордук аракет жасаган эмесмин. Эмне үчүн тынчтык убакта мындай иштерге барат элем? Мен өзүмө жансакчыларды да презденттин буйругу менен алып жүргөм. Качан гана мен саясий максатымды өзгөртүп, 2006-жылы боло турган президенттик шайлоого барарым тууралуу айткандан кийин, алар ушундай жалааларды ойлоп табышты.

Тажик оппозициясынын лидеринин мындан аркы тагдыры белгисиз бойдон калууда. Азырынча расмий бийлик тарабынан Искандаровдун үстүнөн сот иши качан болору ачык айтыла элек.

XS
SM
MD
LG