Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Казакстанга дагы бир банктын акциясынын көбү кетти


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Энергобанктын» 53%тик акциясы Казакстандын «АТФбанкына» өттү. Мындай чечим «Энергобанктын» акционерлеринин чогулушунда кабыл алынгандыгын 28-апрелде «Кабар» агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, буга чейин Казакстандын «АТФбанкы» «Энергобанктын» 34%тик акциясына ээ болчу. Акционерлер чогулушу «Энергобанктын» 32 жарым миллион сомдук былтыркы кирешесин бөлүштүрбөй банктын башкы максаттары үчүн пайдалануу чечимине келди. Эл оозунда бул банк экс-президенттин уулу Айдарга тиешелүү деп айтылып келет жана экс-президенттин үй, мүлкүн иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия банкты териштириле турган ишканалардын тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG