Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Аксы окуясы боюнча кылмыш иши козголду


БИШКЕК. 2002-жылдын март айында болгон Аксы окуясында алты адамдын атып өлтүрүлүшү боюнча жаңыдан кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Бул тууралуу Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, Аксы окуясындагы адам өлүмү боюнча буга чейин кылмыш иши ачылган эмес. Болгону митинг, жөө жүрүш, тынч демонстрация өткөрүүгө тоскоол болгон деген айып менен бир нече жергиликтүү бийлик өкүлдөрү соттолушуп, көп өтпөй алар Жогорку сот тарабынан кайрадан толук акталышкан. Ал эми Аксы окуясы учурунда Ички иштер министри болуп иштеген Темирбек Акматалиев 2002-жылы атуулдарды атууга көрсөтмө бербегендигин «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

XS
SM
MD
LG