Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Паспорт көйгөйү кайра башталды


БИШКЕК. 28-апрелде Жогорку Кеңеш Кыргызстандын атуулдарын улуттук паспорт менен камсыз кылуу маселесин талкуулады. Бирок, жеке инсандыкты билдирген картаны жана чет өлкөгө чыгуу укугу бериле турган жалпы жарандык паспортту берүү боюнча сунуш кылынган токтомду кабыл алган жок. Буга жеке инсандык картаны кандай баада берүү маселеси боюнча депутаттардын бир пикирге келе албагандыгы себеп болду. Маселени кароого даярдаган конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук маселелери боюнча комитеттин төрагасы Камбаралы Конгантиевдин билдирүүсү боюнча, азыр 1995-жылы алган паспортун алмаштырууга 150 миңден ашуун атуул муктаж. Андан тышкары быйыл орто мектепти бүтүп жаткан 90 миңден ашуун бүтүрүүчүгө паспорт берүү керек. Ошондой эле былтыртан бери паспорт албаган жана паспортун жоготуп алган 150 миңге чукул атуул бар.

XS
SM
MD
LG