Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:41

Президенттикке талапкерлер көрсөтүлө баштады


БИШКЕК. 28-апрелде «Эркиндик» партиясынын төртүнчү курултайы болду. Анда партия президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиевди президенттикке талапкерликке көрсөттү. Курултайга катышкан 120 делегат мындан тышкары Кыргызстандагы акыркы саясий өзгөрүүлөргө баа берип, президенттик шайлоону адилет өткөрүү багыттарын аныктап, аны ишке ашыруу жолдорун да талкуулашты. Партиянын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин айтымында, Курманбек Бакиев Кыргызстандагы ыңкылаптын болушуна өбөлгө түзгөн революциялык окуялардын башында жүрүп, өзүнүн лидерлик сапатын көрсөтө алды. Ошон үчүн Курманбек Бакиев Кыргызстандын мамлекет башчысы болууга даяр деген чечимге келишкен. Ал эми 28-апрелде Ош облусунун Карасуу районундагы Акташ айылынын тургундары Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаевди президенттикке талапкерликке көрсөттү. Мындай маалыматты АКИ-пресс агенттиги билдирди.

XS
SM
MD
LG