Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Конституциялык кеңешменин алгачкы отуруму болду


БИШКЕК. Президенттик шайлоого чейин Конституциялык реформа боюнча алгачкы долбоор иштелип чыгат. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин 28-апрелде Бишкекте өткөн алгачкы жыйынында айтылды. Жыйынга президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев жетектеген өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев катышышты. Курманбек Бакиев Акаевдин мезгилинде бир адамдын колуна топтолгон ыйгарым укуктарды кыскартып, эл үчүн иштей турган бийлик системасын түзүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле талкуу учурунда Конституциялык кеңешменин курамынан өкмөттүн жана депутаттардын санын кыскартып, жарандык коомдун жана атайын адистердин, юристердин санын көбөйтүү сунуштары айтылды. Жыйындын катышуучулары Кеңешменин уюштуруу иштери боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Талкуу 9-апрелде улантыла турган болду.
Кеңешме мүчөлөрүнүн айтымында, Конституциялык реформанын алгачкы долбоору жакын арада иштелип чыгып, ал боюнча президенттикке талапкерлердин убадасын алуу зарыл. «Антпесе президент болуп шайланган талапкерлер шайлоодон кийин саясий реформа жасоодон баш тартышы толук ыктымал» дешет Кенешме мүчөлөрү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG