Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

АКШнын АТУУЛДУК МЫЙЗАМЫ


Нарын АЙЫП АКШда мындан үч жыл мурда кабыл алынган Атуулдук мыйзамынын мөөнөтүн узартуу боюнча талкуулар уланууда. Өкмөт ал тууралуу сунушту Конгресске 5-апрелде тапшырган жана 27-апрелде Сенаттын Чалгындоо маселелери боюнча комитетинде талкуу болду.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган террордук аракеттерден кийин кабыл алынган бул мыйзам тартип коргоо уюмдарына бир топ кошумча укук берген, бирок анын айрым беренелеринин мөөнөтү үстүбүздөгү жылы аяктайт, ошондуктан үч аптадан бери Конгрессте талкуу жүрүп жатат. 27-апрелде Сенаттын Чалгындоо маселелери боюнча комитети өткөргөн жыйынга укук министри Алберто Гонзалес, Борбордук чалгындоо агенттигинин башчысы Портер Госс жана Федералдык иликтөө бюросунун деректири Роберт Мюллер катышты.

Мюллердин айтымында, жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин өлкөнүн тартип сактоо уюмдарынын ортосундагы кызматташуу бир кыйла жакшырды:

- Өткөн айда чыккан оnчетто айтылгандай, 2001-жылдын 11-сентябрына чейин ар башка уюмдар - мамлекеттик коопсуздукту өлкө ичинде жана өлкөдөн сырткары камсыз кылган уюмдар - бир-бири менен жетиштүү деңгээлде маалымат бөлүшчү эмес. Атуулдук мыйзам жана андан мурда кабыл алынган кээ бир башка мыйзамдар абалды өзгөрттү.

Федералдык иликтөө бюросу мамлекеттик коопсуздукту өлкө ичинде, ал эми Борбордук чалгындоо агенттиги коопсуздукту өлкөдөн сырткары камсыз кылууга жооптуу. Кээ бир саясатчылардын айтымында, мурда бул уюмдар ортосунда кандайдыр бир дубал орнотулгандай болчу жана жаңы мыйзам менен ал дубал талкаланды. Аны менен катар Борбордук чалгындоо агенттигинин деректири Госстун айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу максатында бул уюмдар тапкан бардык маалымат башка уюмдарга дароо толугу менен бериле бербейт, бирок кайсы бир маалымат суралса, ал тоскоолдуксуз берилет. Андан тышкары, мыйзам жаңыдан эле иштей баштады жана анын толук үзүрүн көрүү дагы алдыда.

Анткен менен комитет мүчөлөрү мыйзамды жана тартип сактоо уюмдарынын ишин бир топ сынга да алды. Кээ бир укук коргоо уюмдарынын айтымында, мыйзамдын айрым беренелери шектелген адамдардын ооруканада жаткандагы же китепканада кандай китеп алып окуганы тууралуу маалыматтарды да чогултууга бийликке укук берет. Ошондуктан сенатор Олимпия Сноуинин айтымында, мыйзам өтө кылдат колдонулушу керек:

- Албетте, кээ бир иштер жашыруун болууга тийиш, биз аны түшүнөбүз. Бирок бул мыйзамдын маңызын түшүндүрүү керек болгондо биз элге - анын шылтоосу менен бийлик жарандардын жеке турмушуна кийлигишпесине кепилдик берүүгө аргасызбыз.


Сенатор Рон Вайдендин пикиринде болсо Атуулдук мыйзам кабыл алынганына карабастан, тартип сактоо уюмдары бир-бири менен баары бир жетиштүү дэңгээлде эмгиче кызматташпайт:
- 11-сентябрга чейин болгон дубалдар азыр башка дубалдар менен алмаштырылды жана силердин уюмдар ортосундагы маалымат алмашууда тоскоолдуктар көп. Силер баарыңар маалымат издеген адамсыңар жана ал маалыматты башкалар менен бөлүшүү керек болгондо, кыйноодон өткөндөй болосуңар, андай тоскоолдуктарды эч нерсе менен актоо мүмкүн эмес жана алар силер үчөөңөр тең айтып жаткан кызыкчылыктар үчүн иштебейт.

Укук министри Гонзалестин айтымында, мыйзамдын кемчиликтерин жоюу үчүн анын министрлиги бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт. Анткен менен Атуулдук мыйзамдын мөөнөтүн узартуу үчүн дагы бир топ талкуу боло тургандай.

XS
SM
MD
LG