Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

ЭКИ ТАЛАПКЕРДИН ЖОЛУГУШУ


Азиза Турдуева Кыргызстанда 10-июлда өтө турган президенттик шайлоого катыша турган айрым талапкерлер тарабынан азыркы премьер-министр Курманбек Бакиев кызматын президенттик шайлоого чейин токтотсун деген маселе кайрадан көтөрүлүүдө. Бул маселенин козголушун айрым саясатчылар колдошсо, айрымдары анын негизсиздиги тууралуу айтышууда.

28-апрель күнү президенттикке талапкерлер Жеңишбек Назаралиев менен Феликс Кулов жолугушуп, алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу айрым маселелер боюнча пикир алышышты. Жолугушуу жабык эшик артында өтүп, анын соңунда Жеңишбек Назаралиев «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү билдирди:

- Мен президенттин милдеттин аткаруучу Курманбек Бакиев президенттикке талапкерлигин коюп жаткандан кийин, өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуп, бир шартта президенттик шайлоого катышсын деген маселени көтөрдүм. Анткени, анын административдик ресурстары бар. Туура эмес болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, ал биз менен бир шартта катышышы керек. Мен да, Кулов да, Баяман Эркинбаев да ошону калайбыз. Жогорку Кеңешке да, Бакиевге да айтаарым: эгерде чыр-чатак каалабаса, бизге - талапкерлерге бирдей шарт түзүп, жол ачып берсин. Биз бир жолу чаң-тополоң эмне экенин көрүп калдык, Акаев бийликтен кетирилгенде. Ошондой болуп кетпесин..

Анын айтымында, бийлик тарабынан административдик ресурс пайдаланыла баштады. Анын мисалы катары Назаралиев төмөнкүлөгө токтолду:

- Мисалы, эки-үч күн мурда мен КТРден чыгып сүйлөдүм. Үч жолу сүйлөшүм керек эле. Бирок, бир гана жолу чыгарышты. Анткени, бийлик тарабынан телефон чалынып, Назаралиев чыкпасын деген көрсөтмө берилиптир. Ал эми мени «Замана» студиясынан чыгарабыз деген журналисттерди болсо жмууштан чыгарып жибериптир. Мага түшкөн маалыматка караганда муну Адахам Мадумаров жасады. Бирок, бул менин угушумча. Эгерде мындай улана берсе, биз башкача сүлөшөбүз.

Ал эми Феликс Куловдун малымат катчысы Руслан Чыныбаев жолугушууда козголгон маселелер жөнүндө:

- Жолугушуу учурунда Феликс Кулов өзүнүн негизги позициясын билдирип, ачык, акыйкат күрөш жүргүзө тургандыгы жөнүндө айтты. Ал ошондой эле президенттикке талапкерлерге өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо, коомчулукту регионалдык, улуттук, диний өзгөчөлүктөр боюнча бөлүнүүгө жана бийлик тарабынан президенттик шайлоо учурунда ыплас технологияларды колдонууга жол бербөө үчүн атайын келишимге кол койууну сунуштады. Башка суроолор, анын ичинде Курманбек Бакиевдин өз милдеттерин президенттик шайлоо өнөктүгүнө чейин токтотуу жөнүндөгү маселе козголгон жок жана козголушу да мүмкүн эмес
-деп билдирди.

Ал эми вице-премьер-министрдин милдеттерин аткаруучу Адахам Мадумаров буга байланыштуу:

Мен, тескерисинче, президенттикке талапкерлердин баары бирдей шартта телекөрсөтүү аркылуу чыксын деп айтып жатам. Ар кандай ушактарды угуп алып эле, ушундай болуп жатат дей бербей, биз маданияттуураак болушубуз керек-деди.

XS
SM
MD
LG