Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Италияда сенат жаңы өкмөткө добуш берди


Премьер-министр Сильвио Берлускони өткөн аптада кызматтан кетип, кайра жаңы кабинет түзгөн эле. Анын составы адегенде парламенттин төмөнкү палатасында бекитилген. Сенаттагы сөзүндө Берлускони өзүн анык саясатчы деп эсептебей турганын, болгону бизнесмен экенин айтып, башка эч ким жок болгондуктан гана саясий аренага келгенин, анын өтөлүнө чыгуу үчүн мындан ары да иштөөгө даяр экенин ырастады. Жаңы өкмөт, Берлускони ишендиргендей, ишкерлерге белгиленген салыктарды кыскартат, өлкөнүн түштүгүн экономикалык жактан оожалтуу үчүн зарыл чараларды көрөт.

XS
SM
MD
LG