Миллион жоогазын
Эң кооз өлкө деген наамды ушу тапта Голландияга ыйгаруу мыйзам ченемдүү болчудай. Шейшембиде ал жерде жылдык гүл майрамы башталды. Аны көргөндөрдүн айтуусунуда, экзотикалык өсүмдүктөргө чөккөн Нидерланды менен эч ким атаандаша албайт. Салт боюнча фестиваль жоогазын гүлдөгөндө өткөрүлөт. Голландиянын шаар-кыштактарындагы унаа жоогазын, нарцисс, гиацинт менен жасалгаланат. Кээ бир голландиялыктар бул майрамга өзгөчө даярданышат. Мисалы, Лео ван ден Энде деген сүрөтчү 9 жылдан бери масштабдуу сүрөттүн үстүнөн иштеп жатат. Гүлдөгөн талаа тартылган эмгегин ал дагы 5 жылда аяктап бүтөт дейт. Быйылкы фестивалдын ачылышына карата ван ден Энде миллионунчу жоогазынды тартып бүттү.
Жигитин алдаган Лаура
Индиялык бир гермафродит жактырган кызы менен баш кошуу үчүн операция жасатып, аялдардын жыныстык органдарын алдыртып салды эле, бирок анын сүйүүктүсү “жок” деп жооп берип койду. 29 жаштагы Куттияма аялдардын жана эркектердин органдары менен төрөлгөн. Албетте, жаш кишинин турмушу өтө татаал болду. 15 жыл илгери ал алыс туугандарынын Лаура деген кызын жактырып калган. Бирок кыз мындай мандеми бар жигитке турмушка чыккысы келген жок. “Сен чыныгы эркек болгондо гана сага күйөөгө чыгам” деген Лауранын сөздөрүн укканда эле, Куттияма банктан 1 миң 150 доллар алып, операция жасатат. Бирок Лаура башка жигитке артыкчылык берет. Эми Куттияма кыздан операцияга сарптаган акчасын кайтартып алгысы келет. “Ал мага чыгам деп ант берген”, - дейт Куттияма. Эң кызыгы, Лауранын жаңы жигити Куттияма жөнүндө уккандан кийин кыз менен баш кошуудан баш тартты. Байкуш Куттияманын таржымалы индиялык фильмдердин сюжетине арзый турган окуя болду өңдөнөт!
Россиянын эң бай адамы ким?
“Форбс” журналынын маалыматына ишенсек, Чукотканын губернатору Роман Абрамович Россиянын эң бай адамы. Абрамович Сибнефть компаниясынын негизги акционери. Бирок аны дүйнөдө “Челси” футбол клубунун ээси катары жакшыраак таанышат. “Форбс” Абрамовичтин байлыгы 14,7 миллиард долларга жетет деп жазат. “Челси” былтыр Абрамовичке 2,2 миллиард доллар киреше алып келди.
Мурда Россиядагы байлар арасындагы биринчиликти ЮКОСтун жетекчиси Михаил Ходорковский колдон чыгарбай келген. Азыр түрмөдө отурган Ходорковскийдин байлыгы акыркы жылдын ичинде 7 эсеге азайган. Эң бай кишилердин тизмесине 31 жаңы ысым кошулган. Эң байлардын катарына 15 депутат жана 3 губернатор кирет.
Алардын арасында Москва шаарынын мэри Юрий Лужковдун жубайы Елена Батурина да бар. Анын байлыгы 300 миллион долларга өсүп, 1,4 миллиардга жетти.
Гендерге негизделген карта түзүлөт
IBM компьютердик корпорациясы менен “Нэшнл Жеографик” журналы биргелешкен долбоордун үстүнөн иштей башташты. Ага ылайык, дүйнөнүн чар тарабында жашаган элдердин гендерин салыштыруу аркылуу калктын миграциясы боюнча карта түзүлөт. Долбоордун авторлору 100 миң киши ДНКсынын үлгүсүн ыктыярдуу беришет деп үмүттөнүшөт. Биздин гендерибизде ата бабаларыбыздын тарыхы жазылган дешет. Эки абройлуу компаниянын адистери дал ошол тарыхты чечмелөөгө далалат жасагылары келет. Экспериментке каалаган киши катыша алат. Чогултулган анализдерге сырдуу код берилет. Андан кийин атайын лабораторияда донордун ата-бабалары кайда туулуп өскөнү аныкталат. Долбоорго этнограф-тарыхчылар, географ жана медиктер тартылат.
Булут таркатуунун зыяны барбы?
Жеңиш күнү жакындаган сайын Москвада майрамдык даярдыктар күчөп жатат. Салтанатту парад, майрамдык шаан-шөкөттөр үчүн жакшы аба ырайы өтө маанилүү. Москванын үстүндөгү булуттарды таркатып туруу үчүн 1 миллион доллар бөлүнүп берилет. Аба күчтөрүнүн 12 учагы суйук азот менен кургак муз чачыратып турушат. Булуттарды таркатуу, же илимий тил менен айтканда “метеорологиялык кырдаалга активдүү таасир этүү” Россияда көптөн бери эле пайдаланып жүрөт. Жаңы технологиялар 1980-жылкы Олимпиада убагында, 1-май, 7-ноябрь параддары үчүн кеңири колдонгону бардыгыбызга эле белгилүү.
Адистер булуттарды жок кылуучу кургак муз менен суйук азоттун айлан-чөйрөгө зыян тийгизбейт жана андан кийинки аба-ырайына таасир этпейт деп ырасташат. Бирок Москванын тургундары ушундай жасалма жакшы аба-ырайынан кийин жумалап жамгыр төгөт дешет.