Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Кыргыз-өзбек чек арасыннын дагы бир бөлүгү аныкталды


ЖАЛАЛАБАТ. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча эки өкмөттүн эксперттик тобу Баткен облусу менен Фергана облусунун ортосундагы 1.6 чакырым чек ара сызыгын аныкташты. Бул тууралуу 29-апрелде кыргызстандык жумушчу топтун жетекчиси, өкмөт аппаратынын регионалдык проблемалар бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди. Саламат Аламановдун маалыматына караганда, эки өлкөнүн алты облусунун такталбаган чек ара бөлүктөрүн аныктоо маселеси каралган жыйында тараптар Кыргызстандын Жалалабат жана Ош, Өзбекстандын Наманган, Анжиян облустарындагы күмөн туудурган жерлер боюнча бир пикирге келе алышпады.

XS
SM
MD
LG