Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Курманбек Осмоновдун арызы канааттандырылбай калды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары 12-майга чейин округдарда иштешет. Эки апталык тыныгуунун алдындагы отурумунда парламент Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын карады. Бирок, депутаттык добуштардын жетишсиздигине байланыштуу бир ыктай чечим кабыл алуу мүмкүн болгон жок. Жогорку Кеңешке келген Курманбек Осмонов арызын колдоп берүүнү депутаттардан суранды. Ал өз сөзүндө ушундай эле өтүнүч менен президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге да кайрылып, арызын өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн деп негиздегендигин билдирди. Бул күнү Жогорку Кеңеш имаратынын алдына шайлоого байланыштуу нааразылык билдирген 200 чамалаш шайлоочу Курманбек Осмоновдун кызматтан кетишин талап кылып турушту. Курманбек Осмонов Жогорку Сот төрагалыгынан бошотуу тууралуу арызын 25-апрелде берген.

XS
SM
MD
LG