Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:59

Кыргыз парламентинин депутаты Баяман Эркинбаев президенттик шайлоого өз талапкерлигин көрсөттү


БИШКЕК. Кыргыз парламентинин депутаты Баяман Эркинбаев президенттик шайлоого өз талапкерлигин көрсөттү. Бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Эркинбаев ага жасалган кол салуу алдыда боло турган президенттик шайлоо менен байланыштуу экенинен күмөн санабасын билдирди.
Бул ок атуунун артында саясий себептер турат. Мен эми президенттикке ат салышууга бел байладым,- деди ал.
Кечээ кечинде машинасына түшүп жаткан жеринен Эркинбаевге белгисиз бирөөлөр ак атып, жарадар кылышкан.
Анын аралыгында Кыргызстанда парламенттик шайлоодо уттуруп койгон талапкерлердин колдоочуларынын нааразылык акциялары улантылууда.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG