Жыйынга Иран, Иордания, Кувейт, Сирия, Сауд Арапстан жана Түркия, ошондой эле Египет жана Бахрейн тышкы иштер министрлери катышат. Стамбулга Ирактын премьери Ибрагим ал-Жаафари да келмек болгон эле, бирок анын ордуна жыйынга тышкы иштер министри Хошиар Зебари катышмак болду. Премьер азыр кабинеттин курамын толуктоо иши менен арпалышып, чолоосу тийбей жатат, деп билдирди Зебари.