Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

Жыпар Жекшеев президенттик шайлоого талапкер катары катышат

БИШКЕК. Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев 10-июлдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышат. Аталган партиянын 30-апрелинде өткөн курултайынын катышуучулары Жыпар Жекшеевди президенттике талапкер катары көрсөтүштү. Буга байланыштуу Жыпар Жекшеев «Азатыкка» мындайча билдирди:

-Мен 90-жылдардын башынан бери Кыргызстанда демократиянын өнүгүшү, эли үчүн иштеп келе жатам, мен ойлойм, менин моралдык укугум бар президенттикке катышууга.

Жыпар Жекшеев билдиргендей, эгерде ал президент болуп шайланса, премьер-министрликке түштүктүк саясатчыларынан бирөөнө аткаруу бийлик башчысынын ызматын сунуш кылмакчы.
XS
SM
MD
LG