Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

ВЬЕТНАМ СОГУШУНУН УНУТУЛГУС САБАКТАРЫ БАР


Кабарларда айтылгандай, бүгүн (ишембиде) Вьетнам согушунун аякташынын 30 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Азыр дагы америкалыктардын айрымдары «Деги, бул согуш бизге керек беле?» деп шектенип, Ак Үйдү азыркыга чейин айоосуз сынга алып келсе, Ирак согушунда өз өнөктөштөрүн Сайгондогудай талаага таштап баса бербей, вьетнам согушунун ачуу сабагын башка өңүттөн алганга чакыргандар да бар.

«Кутмандуу таң, Вьетна-ам!» деп шаңдана кыйкырып, АКШ аскерлерине арналган таңкы үналгы берүүсүн жандуу алып барган ди-жей эсиңиздердедир! Бул ролду айтылуу Robin Williams аткарган.

1987-жылы чыккан бул көркөм тасма (Good Morning, Vietnam, режиссеру – Barry Levinson) Вьетнам согушунун расмий Вашингтон үчүн ыңгайсыз болгон барактарын чагылдырат.

30-апрелде расмий Ханой жана дүйнө жүзү Вьетнам согушунун аякташынын 30 жылдыгын белгиледи. 1975-жылы дал ушул күнү Түштүк Вьетнамдын ордо шаарын өлкө түндүгүндөгү коммунисттик мамлекеттин аскерлери каратып алган. АКШ элчилигинин кызматкерлери атайын тик учактар менен шашылыш көчүрүлгөн. Алардан тышкары, болжол менен 45 миңдей батышчыл вьетнамдык ошол күнү америкалык кемелерге эптеп жетип, баш паана табышкан.

Сайгонго жакын турган америкалык кемелердин бири качкын вьетнамдыктардын жоон тобун өзүнө кабыл алуу үчүн АКШ аскер жетекчилигинен уруксат сураганда, кемеге бозгундарды алууга кантип уруксат берилгендиги ошол кездеги Сайгон аймагындагы америкалык аскердик үналгы тарабынан мындайча чагылдырылган:

- Кеме элчиликте иштегендерден жана алардын бала бакырасынан турган 256 вьетнамдыкты көчүрүп кетүүгө уруксат сурап жатат. Бул кишилер Фу Куас аралынан экен. Аларды көчүрүүгө уруксат берилди. Кайталайм, аларды кемеге алууга уруксат берилди.

Сайгон алынганга чейин эки жылдай мурдараак эле, Париж келишимине ылайык, АКШ аскерлеринин дээрлик басымдуу бөлүгү өлкөдөн чыгарылып кеткен. Келишимге ылайык, түштүк вьетнамдыктар өз саясий тагдырын өздөрү чнечүүгө тийиш болчу. Бирок өлкөдөгү согушту «америкалык империализмге каршы согуш» катары баалаган расмий Ханой Вьетнамды бирдиктүү коммунисттик мамлекет катары баш коштуруу үчүн күрөшүн улантып, акыры жеңишке жетишкен.

Жакынкы күндөрү Ханойдогу АКШнын элчиси Майкл Марин (Michael Marine) маалымат жыйынын өткөрүп, АКШ менен Вьетнамдын өз ара карым-катнашы улам чыңдалып жатканын белгиледи:

- Соңку он жылдын ичинде эки өлкөнүн өз ара карым-катнашы, кескин болуп кетпесе да, ырааттуу түрдө жана кеңири алкакта өсүп-өнүгүүгө жетишти.

Вьетнамдыктардын 2 миллиондой кишисинин жана 58 миңдей америкалыктын өмүрүн алган бул катаал согуш - өз учурунда капитализм менен коммунизмдин согушу катары сыпатталган.

1975-жылдын 30апрелинде нечендеген карапайым вьетнамдыктар түндүктөн келген коммунист жоокерлерди «атажуртту боштондукка чыгаруучулар» катары шаттана тосуп алышкан. Вьетнамдыктардын жеңиши Советтик Кыргызстанда да салтанаттуу белгиленгени эсте.

Ал эми Вашингтондогу Согушту Иликтөөчү Улуттук Коллеждин тарых профессору Марк Клодфелтер (Mark Clodfelter) отуз жыл илгери коммунизм Вьетнамда жеңген менен, бейпилдик замандын чыныгы жеңиш ээси – кайрадан эле капитализм болуп калды го деп боолголойт:

- Мурдагы Сайгон шаары эми Хо Ши Мин шаары болуп калды. Эгерде азыр Хо Ши Минге келчү болсоңуз, андан сиз америкалык Coca-Cola, Hewlett-Packard жана Baskin-Robbins сыяктуу компанияларды учуратасыз. Демек, ал жаңжалдын нагыз жеңүүчүсү ким болгондугун бир беткей айтуу кыйын го дейм.

Айтмакчы, АКШнын өзүндө да Вьетнам согушуна каршы кубаттуу кыймыл болгону эсте. Бокс боюнча дүйнө чемпиону Мухаммед Али (төрөлгөндөгү ысымы - Cassius Marcellus Clay) ошол кыймылдын символдорунун бири эле.

Вьетнам согушунун айоосуз сынчыларынын бири Даниэл Эллзберг (Daniel Ellsberg) ушул тапта Вашингтондун Ирактагы саясатын да терең жаңылыштык деп санайт:

- Биз мурдагы калпыстыкты анча-мынча айырмасы менен кайталап жатабыз. Мында эч бир жеңүүчү болбойт. Мурда вьетнамча билбейт элек, эми болсо арабча сүйлөй албайбыз, бирок бул айырмачылык деле оңдурчудай эмес.

Бирок Вьетнам согушундагы мүчүлүштүктөрдү башка жагынан иликтеп, Ирак согушунда уттурбоого чакырган америкалыктар да сейрек эмес.

Алардын арасында – серепчи Доналд Көрк (Donald Kirk) мырза да бар. Ал жакында "The Wall Street Journal" күндөлүк басылмасына макала жарыялап, «бир чети, Вьетнамдагыдай кылып өзүбүздү колдогон шериктерибизди таштап баса берип, шериктерге карата чыккынчылык кылбашыбыз керек, экинчи чети, жоокерлерди тийешелүү жеңишке жетүү үчүн толук берилгендикти камсыз кыла албаган шартта урушка аттандыруу аркылуу аскерибизди сатып кетпешибиз керек» деген пикирин билдирди.

Бүгүн (ишембиде) Хо Шми Мин шаарында Вьетнам согушунун аякташын салтанаттуу белгилегендердин бири, 21 жаштагы Ланг Нра Траңг (Lang Nra Trang) деген айым кабарчыларга бейпилдик башкы мүдөө экенин мындайча баса белгилеп айтты:

- Мен ар дайым тынчтыкта жашасак экен, өлкөбүздө эч качан согуш оту тутанбаса экен деп тилек кылам.

Дүйнө коомчулугу болсо ар кандай жаңжалдарды тынчтык жолу аркылуу чечүүнү Вьетнам согушунун башкы сабагы катары таанууда.

XS
SM
MD
LG