Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

TЕМИР ЖОЛЧУЛАР ТАЛАБЫНАН КАЙТА ЭЛЕК


Кыргызстандын темир жол башкармасынын 15 жумушчусу 26-апрелден бери ачкалык жарыялап олтурушат. Алар муну менен темир жол башкармасынын башчысын кызматтан алууну жана жалпы эле темир жол тармагына кам көрүүнү өкмөттөн талап кылып жатышат.

Ачкалык жарыялап олтурган темир жолчулардын айтымында, нааразылык акциясын баштоого 24-мартта болгон ыңкылап түрткү берди. Анткени, мурдагы бийликтин каалоосу менен темир жол башкармасынын башчылыгына келген Нариман Тулеевди кызматтан кетирүүнү, анын ордуна мурдагы жетекчи Арген Малабаевди дайындоону жана жалпы тармактын көйгөйүнө өкмөттүн көңүл буруусун талап кылып жатышат. Ал тууралуу бул тармакта 31 жыл иштеп, азыр ачкачылык жарыялап олтурган темир жолчу Рамисламис Султаналиев:

-1995-жылдан бери темир жолдо башкаруучулардын эксперименти жүргүзүлүп жатат. Бир туруп куруучуну, бир туруп автомобиль боюнча адисти, акыры айыл чарба курулушу боюнча куруучуну алып келишти. Ушундан улам 10 жылдан бери темир жол талкаланып бүттү. Мүлкү сатылып кетти. Карызга баттык, азыр эч нерсе калган жок. Ошон үчүн бизди түшүнгөн, жакшы адисти дайындоону талап кылып жатабыз.

Темир жолчулар ачкачылык акциясын жарыялагандан кийин алар менен Нариман Тулеев келип жолугушкан. Бирок, алардын талабы мыйзамсыз экендигин, сотко кайрылып, өз укугун коргоп алууга даяр экендигин билдирген. Андан тышкары Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу кабар алып, дооматтарын өкмөткө жеткирүүгө убада берген. Ушундан улам алар талабынан кайтпай, натыйжа чыгаарына үмүттөнүп турушат. Ал тууралуу Гүлгүн Жекенова:

- Эми Акаевдин заманы кетип элдик бийлик орноду деп үмүттөнүп турабыз. Элдик бийликти орноткондон кийин анын башына элдин сөзүн сүйлөй турган адамдар келди, ошолор биздин сөздү угат го деген ишеничте ачкалык жарыялап олтурабыз ,- дейт.

Ачкалык жарылагандардын айтымында, өткөн жылы түзүлгөнүнө 80 жыл болгон темир жол тармагында эгемендик алгандан кийинки алгачкы жылдарда коррупция болгон эмес.

Ачкалык акциясын өткөрүп жаткандардын айтымында, коррупция 93-жылдардан тарта, тармакка кесипкөй эмес, башка кесиптеги адамдарды дайындоодон улам башталган. Ушундан улам мурдатан иштеген жогорку билимдүү 16 адис ишин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Андан тышкары вагондорду, темир жолго тиешелүү башка мүлктөрдү жең ичинен сатуу башталып, азыр дебитордук карыз 257 миллион 296 миң сомду, кредитордук карыз 487 миллион 910 миң сомду түзүп калган.

Ачкалык жарыялап олтургандардын айтымында, буга Тулеевге чейинки жетекчи Иса Өмүркүловдун өз чөнтөгүнө жем тарткан башкаруусу жана андан кийинки жетекчинин дагы тууганчылдыгы түрткү берүүдө. Ушундан улам жумушчулар темир жолдогу коррупциянын тамырын үзүү талабын да катуу коюп жатышат. Алардын айтымында, жүргүнчүнү узатуучу рейске чыгуу үчүн поeзддин башчысына 100 доллар берүүгө милдеттүү. Эгер бербесе өзү иштеген рейсине да чыкпай калат. Ачкалык жарыялап олтурган Гүлгүн Жекенованын баамында, чогулган акча жогорку кызмат адамдарына берилет. Ошон үчүн алар катардагы жумушчулардын көйгөйүнө көңүл бурбайт:

-Акча жетекчилердин, башкарманын башында турган мурдагы Өмүркулов, азыркы Түлеевдин чөнтөгүнө кетет. Алар дагы өзүлөрүн ошол кызматка койгон адамдарга берсе керек. Акчаны бергендиктен улам бизди тоготпой, өз билгендерин кылып, бизге окшогон элдин сөзүн укпай жатат да!

Ал эми Транспорт жана коммуникация министри Ишенбай Кадырбеков темир жолчулардын талабы жана мүдөөсү менен жакшы тааныш экендигин жана тармакта он жылдап топтолгон көйгөйдү бир күндө чечүү мүмкүн эмес экендигин билдирди.

Анын айтымында, эмки жумада темир жол проблемасы иликтенип, проблеманы чечүү аракети көрүлөт. Бирок, тармактын башкарма башчысын дайындоо талабын койгон ачкалык акциясы бирөөнүн тукуругу менен уюштурулуп жатат окшойт деген күмөн оюн жашырган жок:

-Бул маселени комплекстүү жагдайда чечүү керек. Обьективдүү талаптар болгон менен субьектүү факторлор да бар экен. Кээ бир топтор бир адамды кызматка алып келели деген талап менен кол топтошуптур. Мына ушундай көрүнүштөрдүн бардыгы чогулуп келип ушундай кризиске алып келип жатат.

Темир жолчулардын көз карандысыз кесиптик кошунун төрагасы Эрнис Докенов мындай ойду дароо четке кагып, эч кимдин көкүтүүсүз эле тармактын келечеги үчүн күйүп ушул кадамга барышкандыгын билдирди. Дагы бир жумушчу Гүлнара Керимбаева азыркы өкмөт чөнтөгү калың Түлеевдин каражатын президенттик шайлоого керектөө үчүн аны кызматтан ала албай жаткандыгын кыйытты.

Транспорт жана коммуникация министри Ишенбай Кадырбеков мындай дооматты карандай ушак деп четке какты:

-Бул ушак сөз. Кийинки кезде шайлоодо талапкер болоюн деген адамдардын айланасында ар кандай сөздөр чыгып жатат. Ушакты өз көзү менен көргөнсүп айткандар көп болууда. Колунан кармап алып көргөн адам болбогондон кийин бул ушак сөз.

Ал эми ачкалык жарыялагандардын карыясы Ильяс Чиликбаев талаптары аткарылбаса өзүн-өзү өрттөөгө даярданып калгандыгын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG