Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:45

Президент милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиевдин билдирүүсү


БИШКЕК. 30-апрелде президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев Улуттук телекөрсөтүү аркылуу жалпы журтка билдирүү менен чыкты. Ал мурдакы президент Аскар Акаевдин Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн көп эмгек жасаганы менен, кийинки мезгилде демократиядан четтеп, үй-бүлө мүчөлөрүн байытуу менен чектелип калганына токтолду. Өлкөдө коррупция кеңири тарап, бийлик менен элдин ортосунда ажырым кеткенин белгиледи. Акаевдин режими көмүскө экономиканын өсүшүнө жол берип, жүз миңдеген кыргызстандыктар жумушсуз калгандыгын, коомдун маданияты жана ыйманы жоголгонун билдирди. Курманбек Бакиев жаңы өкмөттүн жакынкы күндөрү негизги төрт маселени чече тургандыгы тууралуу буларга токтолду:

-Бийликти авторитаризмге кайра кайрылбашына кепил боло ала турган жаңы архитектурасын куруу.Коррупциянын тамырын кыркуу.Экономиканын өсүшүнө ыңгайлуу шарт түзүү, жаңы экономикалык саясатты киргизүү.Башкаруу чөйрөсүнө жаш саясатчылардын жана жетекчилердин жаңы муунун алып чыгуу.Бизге күчтүү демократиялык мамлекет жана күчтүү жоопкерчиликтүү жарандык коом керек.

Курманбек Бакиев сот системасын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңешке сунуш жолдоорун, массалык маалымат каражаттарынын эркин, көз карандысыз болушуна мамлекеттик колдоо көрсөтүп, салык саясатында мыйзамдар кеминде эки жылга чейин туруктуу болуш керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG