Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

КЫЛООСУНАН ЖАНБАГАН КУРЧ КЫРДААЛ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы саясатчылардын басымдуу бөлүгү президенттик шайлоо алдында өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал курч деп эсептешет. Антишке көбүнесе өлкөнүн коопсуздугуна кандай күчтөр коркунуч туудуруп жатат, стабилдүүлүктү орнотуу үчүн эмне кылуу керек деген маселелер тынчсыздандырып, анын себептерин талдоо түрткү берүүдө.

Президенттик шайлоонун алдында өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов мындай дейт:

- Коомдук-саясий акыбал бүгүн курч деп мүнөздөсөк болот. Эң негизгиси тартип, элдин коопсуздугу, бейкутчулугу аябай жабыр тартып турган учур. Жаңы өкмөттүн коомдук тартипти калыбына келтирүүгө азырынча мүмкүнчүлүгү келбей жаткан учур. Коомдо криминалдуулук кырдаал өкүм сүрүп жатат. Президенттик шайлоого байланыштуу акыбал мындан да курчушу ыктымал .

Депутат Байболовдун пикиринде кырдаалды жөнгө салуу үчүн:

- Эң ириде, азыркы бийлик тарабынан коомдогу тартип, мыйзамдуулук орнотулуш керек. Эгерде биз ушул акыбал менен жаны шайлоого бет алып, шайлоону өткөрө турган болсок, абал чоң граждандык токундоолорго, граждандык кагылышка алып келиши да мүмкүн. Мен буга чейин да элден мурда тартипти калыбына келтирип, Конституциялык реформаны жүргузүп, анан күздө гана президенттик шайлоону өткөрүшүбүз керек деген ойду айтып келе жатам, Эми да ошондой ойдомун .

Айрым саясатчылардын пикиринде, азыркы башаламандык парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына да байланыштуу болуп жатат. Ага карабастан, өкмөт тарабынан президенттик шайлоону акыйкат өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө аракеттер көрүлүүдө. Буга байланыштуу Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчилеринин бири, парламенттин депутаты Орозбек Дүйшеев мындай дейт:

- Азыркы өкмөт өлкөдө стабилдүүлүк болсун, тынчтык болсун, ынтактык болсун деп мына, пенсияны өлчөмү жогорулады, милициянын, мугалимдер менен врачтардын айлыктары көбөйдү. Коррупцияга каршы күрөш иш жүзүндө жүруп жатат. Анын негизинде бюджетке акча түшүп жатат. Ошондуктан, бизде азыр ынтымак менен иштеп, президенттик шайлоону мыйзам чегинде, акыйкат өткөрүүгө бардык шарттар түзүлүүдө. Бирок, Кыргызстанда бүгункү күндө жалпы стабилдүүлүк болду деп айтууга кыйын. Анткени, акыл элде деп койот эмеспи. Эл революция учурунда эле азыркы парламентти таратуу талабын койгон. Мына ошол шайлоонун жыйынтыктарынын айынан азыркы күнгө чейин пикет, митингдер уюштурулуп жатат. Бир туруп бир депутаты, бир туруп экинчи депутаты элге акча таратып, пикеттерге алып чыгууну токтотпой жатат. Албетте, стабилдүүлүктү бузган башка да күчтөр бар , - дейт Орозбек Дүйшеев.

Парламенттин депутаты Каныбек Иманалиевдин көз карашында учурда өлкөнүн коопсуздугуна төмөнкү күчтөр коркунуч туудурууда:


- Бизге азыр коркунуч туудурган күчтөрдүн бири – ички криминалдык күчтөр, алар президентикке талапкерлерди бири-бирин провокацияларга алып барышы мүмкүн, экинчиси – диний-экстремисттик күчтөр. Алардын өз максаттары бар, алар да бийликке умтулган күчтөр. Үчүнчүсү – сырттан келген деструктивдүү күчтөр. Алар Кыргызстан алсыз өлкө болушун каалаган, Кыргызстандын эки-үчкө бөлүнүшүн эңсеген күчтөр. Ушунун баары биригип, бүгүнкү Кыргызстандын саясий акыбалына чоң коопсуздукту туудуруп жатат. Ошондуктан, азыр Кыргызстандын саясий күчтөрү, интеллектуалдык ресурстары, илимий- руханий чөйрөдөгү лидерлер биригип, бир саясий пикирге келиши керек. Мен азыр депутат катары «Коомдук палата жөнүндөгү» мыйзамды жазып жатам. Мен ойлойм, мындай палата кырдаалды жөнгө салууда өзүнүн ролун ойнойт. Ал эми өкмөт азыр өлкөдө түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга жөндөмдүү болбой жатат .



Президенттикке талапкерлигин көрсөтө тургандыгын расмий жарыялаган Кыргызстан демократиялык партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев өлкөдөгү кырдаал боюнча:

Азыркы кырдаал өтө курч. Азыр өлкөгө саясий стабилдүүлүк келе элек, граждандык стабилдүүлүк да жок. Өкмөт азыр чечкиндүү, эрктүү чечимдерди кабыл алып, иш-чараларды жүргүзүшү керек. Ошондо гана стабилдүүлүк орнотулат деп ойлойм. Президенттик шайлоо учурунда опурталдуу саясий абал түзүлө турган болсо ага президенттикке талапкерлер да жооптуу болот. Ошондуктан, президеттикке талапкердигин көрсөтүп жаткан адамдар өз жоопкерчилигин сезе билиши керек , - деген пикирде.

Президент милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин пикиринде да өлкөдө опурталдуу кырдаал сакталып турат, бирок, алдыда боло турган президенттик шайлоо элди экиге бөлүүгө эмес, биримдикке алып келиши керек:

- Бүгүн президентик шайлоонун алдында көптөгөн адамдар элди бөлүп- жарууга аракеттенишүүдө. Бизде түндүктүн же түштүктүн талапкери деген түшүнүк болбошу керек. Татыктуулуктун бир гана критерийи болушу керек. Ал – ошол талапкер өлкөнү башкара алабы, муну кандай жасашты билеби, элдин үмүтүн актай алабы – ушул гана критерий. Президенттик шайлоо ажырымга, жаңжалдарга алып келбестен, жалпы улуттук бироимдикке кызмат кылууга тийиш , - деп айтты Курманбек Бакиев 30-апрелде Кыргызстан элине жасаган кайрылуусунда.

XS
SM
MD
LG