Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

ЖАЗ ЖАНА ЭМГЕК МАЙРАМЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда жекшембиде профсоз уюмдары, КПРФ жана башка партиялар уюштурган 1-майлык жөө жүрүшү өттү. Москвада көчөгө чыккан 10 миңдей кишилер алдында коммунисттер лидери Геннадий Зюганов өлкөнүн жетекчилигин сынга алды. Ал ошондой эле экономика менен саясаттын өтө маанилүү маселелери боюнча бүткүлорусиялык референдум өткөрүүнү сунуштады. Ордо калаада аны менен катар СПС – оңчул күчтөр биримдиги, Ирина Хакамаданын «Биз тандаган жол» жана «Яблоко» партиялар митингдери да өттү. Профсоюздук уюмдар чакырыгы менен Москванын көчөлөрүнө 25 миңден ашуун киши чыкты. Алар өкүмөттүн социалдык саясатына каршы экенин билдиришти. Өлкөдө баш-аягы 600дөй калаа, кыштактарда бул күнү жөө жүрүштөр өттү.

Чокунгандардын эң улуу майрамы болуп Ыйса пайгамбардын көздөн кайым болуп кийин элге кайтып келиши эсептелет. Ошол күн быйыл Совет тушунда катуу белгиленчү 1-май салтанатына дал келди. Аны өлкөнүн 600дөн ашуун шаар, кыштактарында белгилешти. Жүрүш жасоого профсоюздук уюмдар чакырык таштады. Белгилеп кетчү жери, Орусияда профсоюз уюму түзүлгөнгө быйыл жүз жыл толду. Профсоюздар артынан элди көчгө чыгуу үчүн үндөө КПРФ партиясы болду. Оңчул партиялар катары да кыйла чакырык таштады. Ал эми «Бирдиктүү Орусия» партиясы жүрүшкө катышпаса да анын түзүүчүлөрдүн бири Юрий Лужков көчөдө өкүмөткө сын айты:

-Көлөмү триллион рублге жеткен туруктуулук кору, эмне, өлкөнүн экономикасын оңоп ийдиби? Жок. Туруктуулук кору, эмне, өлкөбүздүн баркын эларалык деңгээлде көтөрүп ийдиби? Жок. Натыйжабыз бар, а таалайыбыз дале тар, - деди көчөгө чыккандар алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Театрдык аянтта чогулган партиячылары алдында сүйлөгөн сөзүндө КПРФ лидери Геннадий Зюганов:

-Буга окшогон элин маскара кылып улутун кыргынга учураткан бийликке биз каршыбыз! Эл айтканды уккусу келбеген, кенселеринде жамбаштап жатып алып, жада калса өздөрү убада кылган чакан маслеттерин да аткара албаган бийликке биз жок деп ачыктан ачык айтабыз!, - дейт.

Эл көтөргөн ураандар арасында бийликке нааразылык билдирүү үстөмдүк кылары аныкталган. Удмуртиянын ордо калаасында өткөн жөө жүрүш тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы Надежда Гладыштын айтканын угалы:

- Ижевскиде көчөдө жүрүш жаcоо эки жолу болду. Профсоюз уюштурган жүрүш борбордук аянттан турак жайды реформалоого каршы чакырыктар астында өтүп, ал саат ондо башталды. Бир сааттан кийин ошол эле жол менен болгону жүздөй киши, дегинкиси: пенсионерлер менен студенттер биргелешип уюштурган жүрүш да болду. Алар көтөргөн чакырыктар : бийликти паракорчулуктан арылтуу, элге билим берүү реформасын токтотуу, Орусия президенти менен Удмуртия президентин кызматтан кетирүү болду, -деди биздин кабарчы.

Жер-жерлерден келген кабалардан улам ураандардын ар кыл болгону аныкталды. Маселен, Санкт-Петербургда улутчулдар көтөргөн ураанда «мигранттарды сүрүп салуу, олигархтарды жок кылуу!» чакырыгы болгон. Ал эми чубаштар баш калаасы Чебоксарыда өткөн митингде коммунист Игорь Моляков сүйлөгөн сөздө: «Элдин референдум өткөрүү талабы канааттандырылбаса анда элде бирден бир жол – ыңкылап төңкөрүшүнө чыгуу калат», - деп айткан.

Маскөөдө өткөн май, эмгек сайраңы этегинде, ырасмий агенттиктер таркаткан маалымдоого караганда 65 миң милиция жана ички иштер министрлигинин аскерлери кайтарыкта турушкан

Акыркы мөөнөттө РИА «Новости» таркаткан кабарда Санкт-Петербургда өткөн жүрүштөн кийин АКМ – кызыл жаштар алдыңкылары жана улуттук большевиктерден турган 200дөй жаштар Нева проспектисин бойлоп: «Сөз эркиндиги!», «Бизге эфир бергиле!», - деп кыйкырып басышкан. Петербург сыналгысынын алдына келип уруксаты жок пикет өткөрүшкөн.

Дагы бир куш тилиндей кабарда Маскөөдө ошол эле, коммунисттик жаштар уюмунун тобу Башкы прокуратура алдында укруксаты жок пикет өткөрүүгө аракет жасаган, бирок милиция АКРчылар арасынан алтоон кармап кеткен. Алар ага дейре президент Путиндин портрет сүрөтүн өрттөп жиберишкен.

XS
SM
MD
LG